Кытайдын North-Western Cargo International Airlines жүк ташуучу авиакомпаниясы үстүбүздөгү жылдын 4-сентябрынан тарта Сиань-Ташкент багытында каттамдарды ача баштайт, деп билдирет Uzbekistan Airports басма сөз кызматы.
Аба кыймылы жүк көтөрүмдүүлүгү 25 тонна болгон Boeing 757-200 учактары менен ишке ашырылышы пландалууда. Алгач аба каттамдары жумасына бир жолу, келечекте үч жолуга чейин аткарылат.
Буга чейин маалымат каражаттары YTO Cargo Airlines жүк ташуучу авиакомпаниясы Ташкентке каттамдарды ачып жатканын жазган.



















