Кытайда өлкөнүн алдыңкы дипломаттарынын бири Лю Цзяньчао кармалды.
Кытай бийлиги көптөр Кытайдын келечектеги тышкы иштер министри катары эсептеген жогорку даражалуу дипломат Лю Цзяньчаону суракка алуу үчүн кармады. Бул тууралуу Wall Street Journal басылмасы өз булактарына таянып билдирди.
Маалыматка караганда, аткаминер июль айынын аягында чет өлкөдөгү иш сапарынан Бээжинге кайткандан кийин кармалган.
Кытайдын Мамлекеттик маалымат башкармалыгы жана Коммунисттик партиянын Эл аралык бөлүмү ММКларга комментарий берүүдөн баш тартышты.
61 жаштагы Лю Цзяньчао партиянын чет өлкөлүк саясий партиялар менен өз ара аракеттенүүсүнө жооп берген органын жетектейт. 2022-жылдан бери ал 20дан ашуун өлкөгө барып, 160тан ашуун мамлекеттин өкүлдөрү менен жолуккан.
Дипломаттын активдүү ишмердүүлүгү, анын ичинде Вашингтондо АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушуусу, аны тышкы иштер министрлигине дайындоого даярдалып жаткан болушу мүмкүн деген божомолдорду жараткан.
Лю — 2023-жылы президент Си Цзиньпиндин колдоочусу болгон мурдагы тышкы иштер министри Цинь Ган кызматтан алынгандан кийин кармалган эң жогорку даражалуу дипломат. Цинь Ган кызматтан четтетилгенден кийин анын никеден тышкары байланышы тууралуу ушак-айыңдар тараган.
Лю Цзяньчао түндүк-чыгыштагы Цзилинь провинциясынан. Ал Бээжин чет тилдер университетинде англис тилин, Оксфорддо эл аралык мамилелерди окуган. Карьерасын Тышкы иштер министрлигинде котормочу болуп баштаган. Ар кайсы мезгилдерде Кытайдын Улуу Британиядагы элчилигинде иштеген, Индонезияда жана Филиппинде элчи болгон.
Министрликтин расмий өкүлү болуп турганда ал курч жана эркин комментарийлери менен белгилүү болгон, ошол эле учурда Кытайдын кызыкчылыктарын катуу коргогон.
Буга чейин АКШда Кытайга жасалма интеллект чиптерин саткан КЭР жарандары кармалган эле.

















