Кытайлык илимпоздор Синьцзян аймагында дрондорду колдонуп жаан-чачынды жасалма түрдө чакыруу боюнча ийгиликтүү эксперимент жүргүзүштү. Күмүш йодидин колдонуу аркылуу алар 70 миң куб метр кошумча суу (бул 30 олимпиадалык бассейндин көлөмүнө барабар) түрүндө жаан алып келүүгө жетишти.
Бул тууралуу South China Morning Post басылмасы кабарлады.
Эксперимент Тянь-Шань тоосунун этегинде жайгашкан Баянбулак жайлоолорунун үстүндө жүргүзүлдү. Ал жерге эки түрдөгү дрон көтөрүлүп, бийиктиги 5 миң метрден ашкан деңгээлде ар бири 125 граммдан турган күмүш йодидин порошогун абага чачышты. Жалпысынан 997 грамм химиялык зат колдонулду, ал эми чачуу ылдамдыгы секундуна 0,28 граммды түздү.
Химикаттын көлөмү аз болгондугуна карабастан, таасири күтүлгөндөн жогору болду: кошумча жаан-чачын 8 миң чарчы чакырымдык аймакка жаады. Илимпоздордун айтымында, мындай жыйынтык булуттарга так жана багытталган таасир тийгизүү аркылуу мүмкүн болду — буга чейин муну ишке ашыруу техникалык жактан кыйын деп эсептелчү.
Экспериментти Кытайдын Метеорологиялык Башкармалыгынын алдындагы Булуттарды жаан-чачынга айлантуу жана аба ырайын өзгөртүү боюнча лабораториясы, Синьцзяндын тиешелүү мекемеси менен биргеликте ишке ашырды. Натыйжалар үч ыкма менен бааланды:
-
Жаан тамчыларын түз өлчөө,
-
50 жылдык климаттык маалыматтарды статистикалык талдоо,
-
Компьютердик моделдөө.
Бардык ыкмалар жаан-чачындын 3,8–4,3%га көбөйгөнүн тастыктады.
Күмүш йодид менен булуттарды үрөндөп жаан чакыруу технологиясы XX кылымдын ортосунан бери колдонулуп келет. Бирок азыр дрондорду колдонуу тактыкты жогорулатып, экологиялык тобокелчиликтерди азайтты. Изилдөөнүн авторлорунун бири Ли Биндин айтымында, бул эксперимент кургакчылыкка каршы күрөшүүдө жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууда чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Синьцзянда жылдык жаан-чачын 150 мм.ден ашпагандыктан, бул технология суу менен камсыздоону жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо маанилүү курал болуп калышы мүмкүн.

















