Кытай бийликтери Фуцзянь провинциясынын чыгышындагы “Фуцин” атомдук электр станциясында өзөктүк коопсуздук боюнча машыгууну ийгиликтүү өткөрдү.
Бул тууралуу 12-апрелде Кытайдын Атомдук энергия боюнча башкармалыгы (CAEA) билдиргенин Anadolu агенттиги кабарлады.
“Бороон-2025” коддуу аталышындагы машыгууну Кытайдын Атомдук энергия боюнча башкармалыгы, Коомдук коопсуздук министрлиги жана башка мамлекеттик органдар уюштурган.
Машыгууга Экология жана айлана-чөйрөнү коргоо министрлиги, Улуттук энергетика башкармалыгы жана Фуцзянь провинциясынын жергиликтүү өкмөтү катышты.
Бул Кытайдын өзөктүк объектилеринин өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруу мүмкүнчүлүктөрүн ар кандай сценарийлер боюнча чабуулдарды симуляциялоо аркылуу сынаган эки жылда бир жолу өткөрүлгөн машыгуулардын алтынчысы болду.
Кытайдын Атомдук энергия боюнча башкармалыгы (CAEA) билдиргендей, машыгуу өлкөнүн коопсуздукту жана өзөктүк өнүгүүнү тең салмактоо боюнча милдеттенмесин бекемдеди.


















