18- мартта Кытай Эл Республикасынын Кызылсу-Кыргыз автономдуу округундагы Улуучат шаарында Кыргызстандын ири көзөмөл кампасынын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу “Кабар” агенттиги маалымдады.
Ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, ”Бай-Дыйкан”компаниясынын негиздөөчүсү Эрлист Акунбеков, Хэцзэ шаарынын мэри Турсун Нияз, Кытайдын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын өкүлдөрү катышты.
Маалыматта белгиленгендей, иш чараны министр Бакыт Төрөбаев ачып, долбоор регионалдык экономиканы, социалдык туруктуулукту, айыл чарбасын модернизациялоону жана Борбордук Азия менен Кытайдын ортосундагы соода байланыштарын бекемдөөдө стратегиялык мааниге ээ экендигине токтолду.
“Аталган ири кампа товарларды ташуу чыгымдарын азайтууга, бажы жол-жоболорун тездетүүгө, өнүмдөрдү сактоо жана бөлүштүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, өлкөлөр ортосунда туруктуу соода каналдарын камсыз кылууга көмөк көрсөтөт”,- деди министр.

Борбордун негизги блоктору төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Кампа заманбап лаборатория менен жабдылган жана Кытайдын негизги бажы башкармалыгынын фитосанитардык жана карантиндик укуктарына ээ;
- Кампалар — товарларды сактоо үчүн ар кандай зоналарга жана ангарлардын түрлөрүнө бөлүнгөн жайлар;
Карантин зонасы — кошумча текшерүүнү талап кылган товарларды убактылуу сактоочу жер; - Бажы посттору — чек арадан товарларды киргизүү же чыгаруу үчүн расмий каттоодон өткөрүү иштери жүргүзүлгөн жайлар;
- Таңгактоо зонасы — кайра бөлүштүрүү, таңгактоо жана жиберүүгө даярдалган жер;
- Административдик жана офистик кеңселер;
- Унаа токтотуучу жай жана түшүрүү аймактары — товарларды ташуу, логистикалык процесстерди камсыздоо жана түшүрүү убактысын азайтуу үчүн;
- Күзөт жана көзөмөл системасы — кампанын коопсуздугун камсыз кылуу жана товарларды көзөмөлдөө үчүн;
Белгилей кетсек, кампанын жалпы аянты 13 гектарды түзүп, учурда анын 7,6 гектары толук ишке берилди.
Көзөмөл кампаны Кыргызстандын “Бай Дыйкан” компаниясы Кытайдын мамлекеттик корпорациясы менен өнөктөштүктө курган.
Инвестициянын жалпы суммасы 8,3 миллион долларды түзөт.



















