Кытай орбитага “Шиянь-19” аттуу жаңы эксперименталдык спутнигин ийгиликтүү учурду. Ал спутниктик байланыш технологиялары тармагындагы эксперименттер үчүн колдонулат.
Бул тууралуу Кытайдын аэрокосмостук илимий жана технологиялык корпорациясы (CASC) билдирди.
Спутник өлкөнүн түштүк-батышындагы Сычуань провинциясында жайгашкан Сичан космодромунан “Чанчжэн-3-си” ракета алып жүрүүчү менен пекин убактысы боюнча саат 2:09да учурулган.
Корпорациядан белгилешкендей, спутник биринчи кезекте көп диапазондуу жогорку ылдамдыктагы спутниктик байланыш технологияларын сыноо үчүн колдонулат.
“Чанчжэн-3-си” күн-синхрондуу орбитага 3,9 тоннага чейин пайдалуу жүктү (Жерге жакын орбитага 8 тоннага чейин) чыгарууга жөндөмдүү.
Пекин өзүнүн улуттук космос программасын активдүү өнүктүрүп, метеорологиялык, телекоммуникациялык жана навигациялык спутниктерди, ошондой эле Айды изилдөө технологияларын иштеп чыгууда. Өкмөттүн колдоосу менен кытайлык адистер астероиддерди жана Марсты изилдөө долбоорлорун ишке ашырып жатышат. Орбитада эл аралык кызматташтык үчүн да колдонулчу Кытайдын космос станциясы иштейт.
Буга чейин Кытай америкалык Starlink системасына атаандаш боло турган Guowang интернетке кирүү спутниктеринин үчүнчү партиясын учурган.
Январда NSF басылмасы Кытай 2024-жылы 270 спутник учурганын, бул 2023-жылга салыштырмалуу 20 пайызга көп экенин белгилеген.



















