Америка Кошмо Штаттарынын Тайванга Абрамс танктарын өткөрүп берүүсү аралды көз карандысыздыкка жакындатпайт.
Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Лин Цзянь брифингде билдирди.
«Тайвандын бийликтеринин көз карандысыздыкка күч жана чет элдиктер аркылуу жетүүнүн пландары ишке ашпай калуу алдында турат. Кытай өзүнүн улуттук эгемендүүлүгүн, коопсуздугун жана аймактык бүтүндүгүн бекем коргойт», – деди Лин Цзянь.
Вашингтон менен Тайбэйдин ортосундагы согуштук байланыштарга жана аралга америкалык курал-жарактарды сатууга карата Пекиндин позициясы ырааттуу жана айкын экендигин белгиледи. Кытай Америка Кошмо Штаттарын “бир Кытай” принцибин сактоого жана Тайванды куралдандырууну жана көз карандысыздыкты жактаган күчтөргө кол салууну токтотууга чакырат, деп кошумчалады Лин Цзян.


















