Foreign Policy: Кытай Тибеттеги Ярлунг-Цангпо дарыясынын капчыгайында мегасуу сактагычтын курулушун баштады.
Кытай Эл Республикасы (КЭР) Тибеттеги Ярлунг-Цангпо дарыясынын капчыгайында жайгашкан «Медог» аттуу ири гидроэлектростанциянын курулушун баштаганы тууралуу Foreign Policy журналы билдирди.
Эколог Вэнь Цзябаонун айтымында, курулуш иштери өтө катуу жашыруун шартта жүргүзүлүп жатат. Ачык маалыматтардын жоктугу кайсы аймактар суу алдында каларын жана дарыянын агымы канчалык өзгөрөрүн аныктоого мүмкүндүк бербейт. Ал белгилегендей, бул долбоор аймактын өзгөчө экосистемасында жашаган сейрек кездешүүчү өсүмдүктөр менен жаныбарларга коркунуч туудурат.
Ошол эле учурда Берлиндеги Эркин университеттин профессору Сабрина Хабих-Собегалла белгилегендей, курулуш жүрүп жаткан аймакта дүйнөдөгү эң түндүктөгү тропикалык токой жайгашкан. Анын айтымында, Кытайда табиятты коргоо зоналары көп учурда энергетикалык өнүктүрүү аймактары менен дал келип, экологиялык артыкчылыктар экономикалык өсүштүн кызыкчылыктарына баш ийип калат.
Мындан тышкары, долбоор эл аралык деңгээлде да тынчсыздануу жаратты. Түштүк Азия боюнча эксперт, кеңешчи Нирадж Сингх Манхас белгилегендей, Кытайдын Брахмапутра дарыясынын башатын көзөмөлдөшү Пекиндин Индия жана Бангладешке болгон таасирин күчөтүшү мүмкүн. Бирок Кытай тарап бул айыптоолорду четке кагып, курулуштун ички энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө гана багытталганын билдирүүдө.
Эксперттердин баамында, экологиялык жана социалдык ачык баалоосуз ишке ашырылып жаткан мындай “мегаплотина” долбоору аймактын суу ресурстарына жана климаттык тең салмактуулугуна олуттуу зыян келтириши ыктымал.
19-июлда Кытайдын Мамлекеттик кеңеши Ярлунг-Цангпо дарыясынын төмөнкү агымында жайгашкан гидроэнергетикалык долбоордун курулушунун расмий башталышын жарыялаган. Долбоорго жалпы 1,2 триллион юань (болжол менен 167,2 миллиард доллар) инвестиция салуу каралган.
Август айынын аягында Кытай дүйнөдөгү эң кубаттуу деңиз шамал турбинасын куруп бүттү. Анын кубаттуулугу 26 мегаватт, ал эми бийиктиги 200 метрге жакын.
Мындан мурда Эфиопияда Африка материгиндеги эң ири гидроэлектростанцияны расмий түрдө ишке киргизген.

















