Кытай Сирияга өз суверенитетин коргоого жана стабилдүүлүктү калыбына келтирүүгө жардам берет, Пекин террордук күчтөрдүн хаос жаратуусуна каршы.
Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министри Ван И шейшемби күнү 2024-жылдагы эл аралык абал жана кытай дипломатиясы боюнча конференцияда билдирди.
“Учурда Сириядагы кырдаал күтүүсүздөн өзгөрдү, Кытай Сирия элине колдоо көрсөтүүнү улантат”, – деди Ван И.
Ал кошумчалагандай, Кытай террордук күчтөр мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, хаос жаратуусуна жол бербейт жана Сирияга анын эгемендигин коргоого жана стабилдүүлүктү калыбына келтирүүгө жардам берет.
8-декабрга караган түнү өкмөткө каршы сириялык козголоңчулар Башар Асаддын режими кулаганын жарыялашты. Баш калаа Дамаск козголоңчулардын чабуулунан эки жума өтпөй эле алардын колуна өттү. Башар Асад учак менен Москвага чыгып кетти, өлкөнүн премьер-министри Мухаммед Гази аль-Джаляли бийликти өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирди. Премьер-министр ошондой эле “Хаят Тахрир аш-Шамдын” жетекчилиги менен байланыш түзгөнүн айтты.
Кийинчерээк Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Асад президенттик кызматтан кетип, өлкөдөн чыгып кеткенин, бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүү боюнча көрсөтмө бергенин ырастады.
Азыркы тапта Сириянын убактылуу өкмөтүнүн курамы түзүлүп, өлкөнүн премьер-министринин милдетин аткаруучу болуп Мухаммед аль-Башир дайындалды. Аль-Башир убактылуу өкмөт конституциялык маселелер чечилгенге чейин 2025-жылдын мартына чейин иштейт.
Буга чейин Кытай Сирияда стабилдүүлүккө саясий чечимдер аркылуу жетишүүгө чакырган.
Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Сириядагы кырдаалды саясий чечимдер менен жана мүмкүн болушунча тезирээк жөнгө салууга үмүттөнөрүн ведомствонун басма сөз катчысы Мао Нинг билдирген.


















