Кытай Иранда болуп жаткан экономикалык нааразылык акцияларынын шартында бул өлкөнүн иштерине кандай гана болбосун тышкы кийлигишүүгө каршы экенин билдирди.
«Кытай Ирандын өкмөтү жана эли учурдагы кыйынчылыктарды жеңип чыгып, улуттук туруктуулукту сактай алат деп үмүттөнөт», — деп Пекинде журналисттерге КЭРдин Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Линь Цянь айтты.
Ал Пекин «Ирандын ички иштерине тышкы кийлигишүүгө кескин түрдө каршы» экенин кошумчалады.
«Биз бардык тараптарды Жакынкы Чыгышта тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу үчүн көбүрөөк аракет көрүүгө чакырабыз», — деди Линь. Ал Кытай «БУУнун Уставын жана эл аралык адилеттүүлүктүн принциптерин сактоо багытында» иш алып барарын баса белгиледи.
Ошондой эле Линь «Кытай альянстарга эмес, өнөктөштүккө негизделген тышкы саясатты карманат»,- деп белгиледи. Бул сөз 2021-жылы Иран менен Кытайдын ортосунда кол коюлган 25 жылдык ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк келишимине байланыштуу айтылды.



















