Пекин ошондой эле АКШнын Кытай жарандарына жер сатууга тыюу салуу ниетине жооп кайтарды.
Кытай бийлиги Россия менен болгон кызматташтык үчүнчү жактарга каршы багытталбаганын жана ал тышкы кийлигишүүнүн объектисине айланбашы керектигин белгиледи.
Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мао Нин Бээжиндеги күнүмдүк маалымат жыйынында билдирди.
«Кытай менен Россиянын өнөктөштүгү үчүнчү өлкөлөргө каршы эмес», — деди Мао, Европа Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйендин Кытай-Россия кызматташтыгын чектөө боюнча билдирүүсүнө жооп берип.
Ал кошумчалагандай, Пекин Кытай менен Россиянын ортосундагы мамилелерге ар кандай тышкы кийлигишүүнү кабыл алгыс деп эсептейт.
Мао Евробиримдикти Кытай менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана пикир келишпестиктерге конструктивдүү мамиле кылууга чакырды.
«Кытай менен экономикалык жана соода мамилелерин талкууламайынча, ЕС алгач өзүнүн менталитетин өзгөртүшү керек», — деп белгиледи Мао.
Кытай тарап ошондой эле АКШнын кытайлыктарга жана башка “атаандаш өлкөлөрдүн” жарандарына айыл чарба жерлерин сатууга тыюу салуу планына жооп кайтарды.
«Биз АКШны соода жана инвестиция маселелерин саясатташтырууну токтотууга чакырабыз», — деди Мао.
Фон дер Ляйен: ЕС Кытай менен мамиледе “жаңы баракты” ачууга даяр
Буга чейин Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Европарламентте сүйлөп жатып, Кытайдан келип чыккан “стратегиялык жана системалуу тобокелчиликтерге” карабастан, Евробиримдик Пекин менен туруктуу жана тең салмактуу мамиле түзүүгө даяр экенин билдирген.
Бирок ал ЕС Кытайдын Россиянын “аскердик экономикасын” колдоосуна макул боло албай турганын айтып, Пекинге карата үч негизги талап койгон. Алардын ичинде Москва менен кызматташтыкты чектөө талабы да бар.
Фон дер Ляйен ошондой эле Кытайдын Россия–Украина кагылышуусундагы ролу — келечекте ЕС менен Кытайдын мамилесин аныктаган негизги факторлордун бири болорун белгиледи.


















