Кытайдын чыгышындагы Цзянсу провинциясынын Ляньюньган шаарында дүйнөдө биринчи жолу эки түрдүү реакторду бириктирген «Сюйвэй» (Xuwei) атомдук электр станциясынын курулушу башталды. Бул тууралуу Global Times басылмасы маалымдады.
Объект өнөр жайды жылуулук менен камсыз кылуу жана электр энергиясын өндүрүү үчүн арналган. Аны Кытайдын Улуттук ядролук корпорациясы (CNNC) Ляньюньгандын нефтехимиялык кластери жакын жерде куруп жатат. Бул кластердин иши үчүн саатына дээрлик 13 миң тонна буу талап кылынат. Биринчи бетонду куюу иши 16-январда башталган. Долбоор Кытайдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 15-беш жылдык планынын алкагында ишке киргизилген биринчи атомдук энергоблок болду.
«Сюйвэй» станциясы дүйнөдө биринчи жолу басым астындагы суу реакторун жана жогорку температурадагы газ менен муздатылуучу реакторду бириктирет.
АЭС үчүнчү муундагы Hualong One (Хуалун-1) реактору жана төртүнчү муундагы газ менен муздатылуучу реактор менен жабдылат. Hualong One реакторунан алынган негизги буу деминералдаштырылган сууну жылытып, каныккан буу алуу үчүн колдонулат. Андан соң бул буу газ менен муздатылуучу реактордон алынган негизги буу аркылуу кайра ысытылып, өнөр жай муктаждыктарына пайдаланылат.
Курулуштун биринчи этабына эки Hualong One энергоблогу жана жогорку температурадагы газ менен муздатылуучу реактору бар бир установка кирет. Ишке берилгенден кийин комплекс жылына 32,5 млн тонна өнөр жай буусун жеткирип турат. Электр энергиясын өндүрүү эң жогорку кубаттуулукта жылына 11,5 млрд киловатт-сааттан ашат. Бул стандарттуу көмүрдү керектөөнү 7,26 млн тоннага кыскартып, көмүр кычкыл газынын бөлүнүп чыгышын жылына 19,6 млн тоннага азайтары күтүлүүдө.
Курулушта лазердик интеллектуалдык көзөмөл жана коргоочу газ чөйрөсүндө автоматтык ширетүү сыяктуу алдыңкы технологиялар колдонулат.
CNNC өкүлдөрү бул долбоор Кытайдын атомдук энергетикасында моделдин өзгөрүшүн билдирерин белгилешет. Тармак электр энергиясын гана өндүрүүгө багытталган моделден көп тармактуу энергия менен камсыз кылууга өтүүдө. Бул дүйнө жүзүндөгү энергияны көп талап кылган өндүрүштөрдү аз көмүртектүү трансформациялоого багытталган «кытайлык чечимди» түзөт.
Кытайдын Атомдук энергетика ассоциациясынын (CNEA) 2025-жылдын апрелинде жарыяланган отчетуна ылайык, Кытай АЭСтин кубаттуулугу боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. Өткөн жылдын жаз айларында өлкөдө иштеп жаткан, курулуп жаткан жана курулушу жактырылган 102 атомдук энергоблок бар эле. Бүткөрүлө элек 28 объекттин орнотулган кубаттуулугу 33,65 млн кВтты түзгөн. Ошондой эле Кытайда жалпы кубаттуулугу 60,96 млн кВт болгон 58 коммерциялык энергоблок бар.
2024-жылы Кытайдын атомдук энергетикасы 444,7 млрд кВт-саат электр энергиясын өндүрүп, дүйнөдө экинчи орунду ээлеп, өлкөдөгү жалпы электр энергиясын өндүрүүнүн 4,72%ын түзгөн.
Кытай дүйнөдөгү эң ири электр энергиясын өндүрүүчү өлкө болуп саналат. 2024-жылы анын өндүрүшү (дээрлик 10 миң тераваттсаат) рейтингде экинчи орунда турган АКШнын көрсөткүчүнөн (4448 тераватт-саат) эки эседен ашык көп болгон. Ошол эле учурда Кытай дүйнөдөгү эң ири электр энергиясын керектөөчү өлкө болуп эсептелет.



















