Кытай АКШдан келген айыл чарба продукциясынын айрым түрлөрүнө 10 жана 15%дык тарифтерди киргизип, 15 компанияга экспорттук көзөмөлдү да орнотту. Пекин дагы 10 уюмду ишенимсиз деп жарыялады. Кытай ошондой эле Дүйнөлүк соода уюмуна жаңы доо арыз менен кайрылды.
Кытай АКШдан келген айыл чарба продукциясына 10-15% кошумча тариф киргизгенин Кытай Эл Республикасынын Соода министрлиги билдирди, деп жазат South China Morning Post (SCMP) агенттиги.
Маалыматка караганда, кошумча 15%дык алым АКШдан импорттолгон тоок этине, буудайга, жүгөрүгө жана пахтага салынган. Ал эми соя, чочконун эти, уй эти, деңиз азыктары, мөмө-жемиштер, жашылчалар жана сүт азыктарына 10% кошумча пошлина алынат.
Кытай ошондой эле “өлкөнүн коопсуздугун жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн” 15 америкалык компанияны экспорттук көзөмөл тизмесине кошту. Алар: Leidos, Gibbs&Cox, IP Video Market Info, Sourcemap, Skydio, Rapid Flight, Red Six Solutions, Shield AI, HavocAI, Neros Technologies, Group W, Aerkomm, General Atomics Aeronautical Systems, General Dynamics Land Systems жана Aero Vironment.
Маалыматта белгиленгендей, көзөмөл чаралардын ичинде аталган компанияларга кош максатта колдонулуучу товарларды экспорттоого тыюу салынат жана учурда жүргүзүлүп жаткан тиешелүү бардык экспорттук иш-чаралар токтоосуз түрдө токтотулушу керек.
Чаралар жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Андан тышкары, Пекин америкалык он компанияны ишенимсиз уюмдардын тизмесине кошту.
Эске салсак, 4-мартка караган түнү АКШ президенти Дональд Трамп Кытайдан келген товарларга пошлинаны эки эсеге көбөйтүп, 10 пайыздан 20 пайызга чейин көбөйткөн. Ал Пекинди «синтетикалык опиоиддердин, анын ичинде фентанилдин Кошмо Штаттарга агымын токтотуу боюнча чараларды көрбөй жатат» деп айыптаган. Бул өлкөнүн “улуттук коопсуздугуна, тышкы саясатына жана экономикасына өзгөчө коркунуч” деп түшүндүргөн Трамп.
Кытайдын Соода министрлигинин өкүлү буга жооп кылып, өлкө өз укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн каршы чараларды көрө турганын баса белгилеген.
Андан кийин Кытай талаштарды чечүү механизмин колдонуп, Дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ) жаңы доо арыз менен кайрылды. Биринчи доо арыз февралдын башында Трамптын бардык кытай товарларына 10 пайыздык алымдарын киргизүү чечимине байланыштуу берилген.
“АКШнын бир тараптуу тарифтерди киргизүүсү ДСУнун эрежелерин бузуп, дүйнөлүк өнөр жай жана жеткирүү чынжырларынын коопсуздугуна жана туруктуулугуна коркунуч туудурат”, – деди Кытайдын Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын (парламент) өкүлү Лу Циньцзянь.
Ал Вашингтон менен Пекин бирдей кадамга барып, тең негизде консультациялар аркылуу чечим таба аларына ишеним билдирди.















