Кытай 2025-жылы аскердик бюджетин 7,2%га, 1,784 триллион юанга (245,5 миллиард долларга жакын) көбөйтөт. Бул туурасында 5-мартта жарыяланган бюджет долбоорунда айтылат.
«Улуттук коргонууга жумшалган чыгымдар 7,2 пайызга көбөйүп, 1,784665 трлн юанды түзөт», – деп айтылат Элдик өкүлдөрдүн бүткүл кытайлык жыйынынын жылдык сессиясынын ачылыш күнү жарыяланган документте.
Кытай жыл сайын коргонуу бюджетин тынымсыз көбөйтүп келе жатат, ал эми өлкө согуштарга катышпайт жана аскердик доктринанын коргонуу мүнөзүн карманышат. 2023-жылы Кытай улуттук коргонуу чыгымдарын 7,2%га, 1,55 триллион юанга (болжол менен 220 миллиард доллар), 2024-жылы 7,2%га, 1,665 триллион юанга (болжол менен 231,24 миллиард доллар) көбөйткөн.
Кытайдын коргонуу бюджетинин тынымсыз өсүү тенденциясы башка өлкөлөрдүн тынчсыздануусун жана сын-пикирлерин жаратат. 14-Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын үчүнчү сессиясынын басма сөз катчысы Лоу Цинцзян шейшемби күнү “Кытайдын коргонуу чыгымдары 2016-жылдан бери тогуз жыл катары менен бир орундуу өсүштү байкап, ИДПдагы коргонуу чыгымдарынын үлүшү көп жылдар бою 1,5 пайыз чегинде калып, дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн төмөн” деди.
Элдик өкүлдөрдүн бүткүл кытайлык жыйынынын 14-чакырылышынын үчүнчү сессиянын расмий өкүлү Лоу Циньцзянь 4-мартта Кытайдын коргонуу чыгымдары 2016-жылдан бери тогуз жыл катары менен бир орундуу өсүштү көрсөтүп, ИДПдагы коргонуу чыгымдарынын үлүшү көп жылдар бою 1,5% чегинде калганын, бул дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн төмөн экенин билдирди.

















