Кыргызстан Жакынкы Чыгыш аймагындагы чыңалуунун кескин күчөшүнө байланыштуу олуттуу тынчсыздануусун билдирет. Бул тууралуу ишемби, 28-февралда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий Telegram-каналында маалымдалды.
«Кыргыз Республикасы аймактагы кырдаалды БУУнун Уставына жана эл аралык укуктун нормаларына так ылайык тынч жол менен жөнгө салуу максатында эл аралык коомчулуктун күч-аракеттерин бириктирүүнү колдойт», — деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.
Кыргызстандын ТИМи бардык тараптарды максималдуу сабырдуулук көрсөтүүгө, согуш аракеттерин дароо токтотууга жана түзүлгөн кырдаалды жалаң гана тынч жол менен чечүү үчүн конструктивдүү диалогго мүмкүн болушунча тез кайтуу боюнча бардык чараларды көрүүгө чакырды.



















