Дзюдо боюнча улуттук курама команданыны мүчөсү Эрлан Шеров Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын финалына чыкты.
Бул тууралуу Кыргызстандын улуттук дзюдо федерациясынан маалымдашты.
Спортчу 90 кг салмак ченинде беттешти.
Эрлан Шеров алгач кытайлык спортчуну 1:0 эсебинде, чейрек финалда ливандык атаандашын 10:0 эсебинде жана жарым финалда БАЭнин спортчусун жеңип финалга жолдомо алды.
Белгилей кетсек, финалдык беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 14:00до болот. Түз эфирди УТРК Спорт каналынан көрүүгө болот.
Белгилейц кетсек, 23-сентябрдан 8-октябрга чейин Кытайдын Ханчжоу шаарында XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат. Ага Кыргызстандан 200дөн ашык спортчулар жана машыктыруучулар катышып, спорттун 23 түрүнөн ат салышууда.