2024-жылдын башына карата Кыргызстанда жашаган эркектердин саны 3,5 миллион адамды түзөт (2022-жылдагы эл каттоонун маалыматтарын эске алганда). Бул республикадагы калктын жалпы санынын 49,5%ы.
Бул тууралуу Улутту статистика комитети билдирди.
Республикадагы эркектердин үчтөн экиси айыл жерлеринде жашаса, ар бир алтынчы эркек Бишкек шаарында жашайт.
Эмгекке жарамдуу жаш курактагы эркектердин иш менен камсыз болуусунун деңгээли жетишээрлик жогору жана 77%ды түзөт. Иштеген эркектердин орточо жаш курагы 38 жашты түзөт.
Өлкөнүн экономикасында эмгектенген ар бир алтынчы эркектин жаш курагы 30-34 жашты түзөт.
Курулуш, транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо, электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу), пайдалуу кендерди казуу сыяктуу ишмердиктин түрлөрү “эркектер” гана эмгектенген иштер болуп саналат.
2022-жылы 48 миңге жакын эркек никеге турган. Эркектер 20-29 жашта үй-бүлөө курууга басым жасашат.
Мында 41 миң эркек биринчи жолу үй-бүлө курган. Никеге турган ар бир экинчи эркек 25-29 жашта, ал эми ар бир үчүнчү эркек 20-24 жашта болгон.
2022-жылы биринчи жолу никеге турган эркектердин орточо жаш курагы 27,9 жашты, ал эми кайрадан никеге турган эркектердин жаш курагы 34,6 жашты түзгөн.




















