Eurasiatoday
Бейшемби, 19-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Кыргызстанда Палестинанын элчилиги ачылат

  • Саясат
  • 28.08.2023 14:07

Loading

Тема боюнча

Йемендик хуситтер Эр-Рияд аэропортуна жана Сауд Арабиясынын мунай объектилерине чабуул коюшту

Йемендик хуситтер Эр-Рияд аэропортуна жана Сауд Арабиясынын мунай объектилерине чабуул коюшту

14.11.2026

 28-августта «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Палестина Мамлекетинин Тышкы иштер жана экспатрианттар министри Рияд Аль-Маликинин Кыргыз Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Палестина Мамлекетинин Тышкы иштер жана экспатрианттар министрлигинин ортосундагы саясий кеңешмелер өтүп, анда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн кеңири чөйрөсү талкууланды. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Расмий сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө саясий диалогду мындан ары чыңдоонун жана ар кандай чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүнү активдештирүүнүн маанилүүлүгү тууралуу түшүнүшүү жетишилди.Тараптар 2023-жылдын 16-июнунда Бишкек шаарында өткөн Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Палестина Мамлекетинин Президенти Махмуд Аббастын кыргыз-палестина мамилелеринин тарыхындагы биринчи жолугушуусунун жыйынтыктарын белгилешти.Бар болгон мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен, Кыргызстан менен Палестинанын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык маселелерди талкуулоонун жыйынтыгында эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин жетекчилери түрдүү тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти. Бул максатта тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн кыргыз-палестин өкмөттөр аралык комиссиясын жана Ишкерлер кеңешин түзүүгө көмөктөшүү боюнча өз ара ниеттерин белгилешти.

Ошону менен бирге саламаттыкты сактоо, маданият жана айыл чарба тармактарында, ошондой эле эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин жана улуттук маалымат агенттиктеринин ортосунда кызматташуу боюнча эки тараптуу документтерге кол коюлду.
Тараптар Палестинанын Элчилигин Бишкек шаарында ачууну макулдашты. Өз кезегинде Ж.Кулубаев Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бул процессте Палестина тарапка керектүү жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Ошол эле учурда кыргыз тарап өз элчиликтеринин бирин айкалыштыруу жолу менен Палестинада аккредитациялоону көздөөдө.

Ошондой эле сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эл аралык жана аймактык күн тартибинин актуалдуу маселелери, анын ичинде Палестина, Афганистан жана башка өлкөлөрдөгү кырдаал боюнча кеңири пикир алмашуу болду.

Мындан тышкары, сүйлөшүүлөрдүн күн тартибиндеги маанилүү маселе катары Бириккен Улуттар Уюму, Ислам Кызматташтык Уюму жана ЮНЕСКО сыяктуу эл аралык уюмдардын ишмердүүлүгүнүн алкагында Кыргызстан менен Палестинанын өз ара аракеттенүүсү болду.

Кыргыз тарап боордош Палестина элин эл аралык аренада колдоо жана эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринин жана нормаларынын, БУУнун жана ИКУнун тиешелүү резолюцияларынын негизинде Палестина-Израиль жаңжалын адилет жана тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча салттуу милдеттенмени баса белгиледи.

Жыйынтыгында тараптар сүйлөшүүлөрдүн мазмунун белгилешип, бул сапар эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы кыргыз-палестин мамилелерин бекемдөөгө кызмат кылат деген ишенимин билдиришти.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: КРнын ТИМПалестинасаясат
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Ш. Мирзиёев дүйнөдөгү эң таасирдүү 50 мусулмандын катарына кирди: Өзбекстандын президенти эмнеси үчүн белгиленди?

Ш. Мирзиёев дүйнөдөгү эң таасирдүү 50 мусулмандын катарына кирди: Өзбекстандын президенти эмнеси үчүн белгиленди?

14.11.2026
Йемендик хуситтер Эр-Рияд аэропортуна жана Сауд Арабиясынын мунай объектилерине чабуул коюшту

Йемендик хуситтер Эр-Рияд аэропортуна жана Сауд Арабиясынын мунай объектилерине чабуул коюшту

14.11.2026
Иордания Борбордук Азияда жаңы геосаясий оюн баштап жатабы: падышанын сапарынын артында АКШ менен Израилдин кандай кызыкчылыктары турат?

Иордания Борбордук Азияда жаңы геосаясий оюн баштап жатабы: падышанын сапарынын артында АКШ менен Израилдин кандай кызыкчылыктары турат?

14.11.2026
БУУ коңгуроо кагууда: Газадагы балдар сууктан жана жугуштуу оорулардан массалык түрдө каза болушу мүмкүн

БУУ коңгуроо кагууда: Газадагы балдар сууктан жана жугуштуу оорулардан массалык түрдө каза болушу мүмкүн

13.11.2026
Нетаньяху АКШнын аскердик жардамынын токтошу жакындап калганын билдирип, Израилдин оккупациясына каршы санкциялар киргизилиши мүмкүн экенин айтты

Нетаньяху АКШнын аскердик жардамынын токтошу жакындап калганын билдирип, Израилдин оккупациясына каршы санкциялар киргизилиши мүмкүн экенин айтты

24.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
Барак Обама: Израиль палестиналыктар өз жеринен кетпей турганын кабыл алышы керек

Барак Обама: Израиль палестиналыктар өз жеринен кетпей турганын кабыл алышы керек

16.10.2026
Бишкекте Палестина элине колдоо максатында «Halal Bazaar» жарманкеси өттү. Сүрөт

Бишкекте Палестина элине колдоо максатында «Halal Bazaar» жарманкеси өттү. Сүрөт

08.10.2026
Ирандык режиссёрдун Газадагы балдардын тагдырын баяндаган «Периштелердин жери» тасмасы «Оскар» үчүн ат салышат

Ирандык режиссёрдун Газадагы балдардын тагдырын баяндаган «Периштелердин жери» тасмасы «Оскар» үчүн ат салышат

01.10.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026
Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026
Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
216 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.