Кыргызстанда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору (МЧИБ) түзүлдү. Тиешелүү токтомду Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 31-июлда чыгарып, ал мамлекеттик “Эркин-Тоо” гезитинин 6-августтагы санына жарыяланды.
Буга чейин маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу өлкөдө TikTok, Youtube жана башка социалдык түйүндөргө мониторинг жүргүзүп, коомго зыяндуу делген контентке бөгөт коюу иштери менен алектене турган борбор түзүлөрүн айткан.
Министрликтин маалыматына ылайык, аталган борбор Интернетте мыйзамсыз контентти аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштерди алып барат, Интернет мейкиндигин жөнгө салууда ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгат, ЖМК чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоого багытталган иш-чараларды маалыматтык жана уюштуруучулук жактан камсыз кылат.
Өкмөттүн токтомунда мындай чечим жарандардын, юридикалык жактардын укуктарын жана эркиндигин камсыз кылуу, аларды анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо максатында кабыл алынганы айтылган. Ошондой эле МЧИБ республиканын маалыматтык коопсуздугун камсыздоо жана бекемдөө максатында түзүлгөнү белгиленди.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу аталган борбор ЖМК жана интернетти мониторингдейт.
Маданият министрлиги МЧИБдин жайгашуусу үчүн кеңсе бөлүп берип, техникалык жана коммуникациялык тейлөөсүн камсыздашы керек.
Буга чейин бийлик социалдык тармактарды көзөмөлдөө борборун түзүүнү пландап жатканын билдирген.
Айрым талдоочулар бул “сөз эркиндигин чектеп, цензурага алып келет” деп сын айтышкан.
TikTok социалдык түйүнү Кыргызстанда быйыл апрелде бөгөттөлгөн.




















