Бүгүнкү күнгө карата өлкөнүн бардык нефтебазаларында күйүүчү-майлоочу майдын туруктуу кору бар.
Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрабаев билдиргенин Министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.
“Министрлер Кабинети өлкөнүн нефтетрейдерлери менен биргеликте ички күйүүчү-майлоочу май рыногун толтуруу максатында, Беларусь, Азербайжан, ошондой эле Казакстандын мамлекеттик органдарынын жана мунай иштетүүчү заводдорунун жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүлүп, анын натыйжасында Кыргызстанга мунай продуктулары жеткирилип жатат”,- деп айтылат маалыматта.
МинКабдын билдирүүсү боюнча, өлкөнү күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоо максатында аткарылып жаткан иштер тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан көзөмөлдө болгондуктан, абал турукташа баштады.
Минкаб мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийлик жана тиешелүү компаниялардын жетекчилерине калкка жана социалдык объекттерде күн сайын күйүчүү-майлоочу майдын, көмүрдүн жеткиликтүү көлөмдө корунун үзгүлтүксүз болуусу, анын баасына жана сапатына мониторинг жүргүзүп туруу иштерин күчөтүлгөн тартипте аткарууну тапшырды.
Кошумчалай кетсек, буга чейин Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов өлкөгө күйүүчү майларды ташып келүү үчүн компаниялар Азербайжан, Кытай, Беларусь, Балтика өлкөлөрү жана башка мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгын eurasiatoday агенттигине билдирген.
“Бүгүнкү күндө биздин компаниялар Иран, Азербайжан, Кытай, дагы башка мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Анын ичинде Беларусь, Балтика мамлекеттери да бар. Азыр бизге кайсы жактан ыңгайлуу, арзаныраак боло турган болсо, ошол тараптан ташып келүүгө нефтетрейдерлер даяр. Биздин компаниялар бензиндин сапаты, андан тышкары баасы дал келсе сатып келүүгө даяр деп айтсак болот”,- деп кошумчалаган ал.
Эсиңиздерге сала кетсек, бензин ушул жылдын июнь, июль айларынан баштап кымбаттаган. Бүгүнкү күндө май куюучу жайларда АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин бир литринин чекене баасы 72-74 сом, АИ-95 80 сом, дизелдик май 80-82 сомго чыкты.


















