Eurasiatoday
Бейшемби, 19-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Тажикстан күйүүчү майды Кытайдан жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады

  • Тажикстан
  • 31.07.2026 14:28

Loading

Акыркы бир айда өлкөгө күйүүчү майдын импорту бир нече эсеге кыскарды. Мунун фонунда бензин менен дизелдик күйүүчү май кымбаттап, дизель Душанбе шаарындагы май куюучу жайлардын көпчүлүгүндө дээрлик калбай калды.

Тажикстан күйүүчү май менен камсыздоону диверсификациялоо боюнча кадамдарды жасап, салттуу жеткирүүчүлөргө болгон көз карандылыкты азайтууга аракеттенүүдө. Учурда республика Кытай менен автомобиль бензинин жана дизелдик күйүүчү майды жеткирүүнү уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн Энергетика жана суу ресурстары министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин өкүлүнүн айтымында, тараптар алгач жеткирүүнүн логистикасын такташы керек. Эки негизги вариант каралууда: күйүүчү майды тажик-кытай чек арасындагы «Кулма» көзөмөл-өткөрүү бекети аркылуу түз алып келүү же үчүнчү өлкөлөрдүн, тактап айтканда Тажикстандын түндүктөгү коңшуларынын аймагы аркылуу транзит менен жеткирүү.

Тема боюнча

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026

Мындан тышкары, мунай өндүрүмдөрүн импорттой ала турган тажик компанияларынын тизмеси Кытай тарапка берилмекчи.

Күйүүчү майды жеткирүү маселеси 29-июлда Тажикстандын энергетика жана суу ресурстары министри Далер Жума менен Кытайдын Душанбедеги элчиси Го Чжицзюндун жолугушуусунда талкууланды.

Тажикстандын Энергетика министрлигинин расмий маалыматына ылайык, тараптар Кытайдан мунай өндүрүмдөрүн импорттоого, бул тармактагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана өз ара пайдалуу мамилелерди чыңдоого өзгөчө көңүл бурушкан.

Кийинчерээк министрликтин басма сөз кызматы сөз автомобиль бензини жана дизелдик күйүүчү май тууралуу болуп жатканын тактады.

Фото: Тажикстандын энергетика министрлиги

Азырынча жеткирүүнүн көлөмү канча болору, качан башталары жана транспорттук чыгымдарды эске алганда кытай күйүүчү майынын баасы канчалык атаандаштыкка жөндөмдүү болору белгисиз.

Күйүүчү май башка өлкөлөрдөн да изделүүдө

Министрликтин маалыматына караганда, Борбор Азия өлкөлөрүнөн мунай өндүрүмдөрүнүн көлөмүн көбөйтүү боюнча сүйлөшүүлөр менен катар Ирактан да күйүүчү май жеткирүүнү уюштуруу боюнча иштер жүрүүдө. Буга чейин Тажикстандын Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү Ирактан 10 миң тонна күйүүчү-майлоочу материалдар келери күтүлүп жатканын билдиришкен.

29-июлда Астанада Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Тажикстанга казакстандык мунай өндүрүмдөрүнүн көлөмүн көбөйтүү маселесин да талкуулашты.

Мамлекет башчылары дүйнөлүк жана аймактык энергетикалык рыноктогу кырдаалды эске алуу менен Казакстандын мунай өндүрүмдөрүн Тажикстандын рыногуна жеткирүүнү дагы да көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карашты.

Ошол эле учурда Энергетика министрлиги Тажикстан Иран менен мунай өндүрүмдөрүн жана чийки мунайды импорттоо боюнча алдын ала макулдашууга жетишкенин билдирди. Бирок аймактагы куралдуу жаңжалдан улам бул келишимдер азырынча иш жүзүнө аша элек.

Иран мунайын жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөр июнь айында энергетика жана суу ресурстары министринин орун басары Шарифа Худобахштын Тегеранга болгон сапарынын алкагында өткөн. Тараптар Тажикстандын күйүүчү майга болгон муктаждыгынын бир бөлүгүн Иран аркылуу камсыз кылуу, ошондой эле соода, ташуу жана жеткирүү чынжырларын өнүктүрүү боюнча кызматташтыкты талкуулашкан.

Импорт кескин азайып, күйүүчү май кымбаттоодо

Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, акыркы бир айдын ичинде өлкөгө күйүүчү майдын импорту бир нече эсеге азайды. Азырынча кыскаруунун так көлөмү жарыялана элек.

Бул жагдай майдын жетишсиздигине жана чекене баалардын өсүшүнө алып келди. 30-июлга карата Душанбе шаарындагы май куюучу жайларда эң көп колдонулган АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин бир литри 13 сомониден сатылса, суюлтулган газдын баасы болжол менен 6 сомони болду. Ал эми дизелдик күйүүчү май май куюучу жайлардын көпчүлүгүндө таптакыр жок.

2026-жылдын 30-июлунда Душанбе шаарындагы май куюучу жайлардагы баалар. Сүрөт: Asia+

Бензин менен дизелдин баасы июнь айында өсө баштап, июлда дагы тездеди. Мисалы, 9-июнда АИ-92 бензининин бир литри 11,3 сомони, дизелдик күйүүчү май 13,3 сомони турган. Демек, июлдун аягына чейин бензин 1,7 сомониге же болжол менен 15 пайызга кымбаттады.

Июлдун башында дизелдик күйүүчү май литрине 13,9–15,5 сомониден сатылып жаткан. Ошол учурда эле көптөгөн май куюучу жайларда дизель түгөнүп, айрымдарында бир унаага 20 литрден ашык сатууга тыюу салынган.

23-июлга карата дизелдик күйүүчү май бар саналуу май куюучу жайларда анын баасы литрине 17–18 сомониге жеткен. Башкача айтканда, июль ичинде эле дизелдин баасы дагы 2,5–3,1 сомониге же 16–22 пайызга өскөн. Азыр болсо борбор калаадагы май куюучу жайлардын басымдуу бөлүгүндө дизель жок.

23-июлда АИ-92 бензини 12 сомониден сатылса, учурда анын баасы 13 сомониге жетти. Бул 1 сомониге же 8,3 пайызга жогору. Ал эми суюлтулган газ тескерисинче 6 сомониге чейин арзандады.

Тартыштыктын фонунда бийлик күйүүчү май менен суюлтулган газдын баасына көзөмөлдү күчөтүп, жасалма кымбаттоого жол бербөө чараларын көрүүдө. 6-июлдагы ведомстволор аралык штабдын жыйынында импортту диверсификациялоо жана өлкө ичинде кайра иштетүү үчүн чийки мунай импорттоо мүмкүнчүлүгү да талкууланган.

Тартыштык Орусиядагы көйгөйлөр менен байланыштуу

Тажикстандын күйүүчү майга болгон негизги керектөөсүн Орусия камсыздайт. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөгө импорттолгон жана өндүрүлгөн күйүүчү майдын жалпы көлөмүнүн 72,3 пайызы Орусияга туура келген. Ал эми Тажикстандын өзүндөгү мунай иштетүүчү ишканалар жалпы көлөмдүн болгону 0,5 пайызын өндүргөн.

Душанбе шаарындагы май куюучу жай. Сүрөт: Asia+

Импорттун кыскарышы Орусиянын өзүндөгү күйүүчү май рыногундагы көйгөйлөрдүн шартында болуп жатат. Орусиянын вице-премьер-министри Александр Новак күйүүчү май тартыштыгы бар экенин моюнга алып, анын себептеринин бири катары дрондордун чабуулдарынан кийин айрым мунай иштетүүчү заводдордун ишинин үзгүлтүккө учурашын атаган.

Орусиянын бийлиги ички рынокту күйүүчү май менен камсыздоону күчөтүү боюнча бир катар кеңешмелерди өткөрүп жатат. Июль айында өкмөт дизелдик күйүүчү майды экспорттоого убактылуу тыюуну өндүрүүчү компанияларга да жайылткан.

Бирок бул чектөө эл аралык өкмөттөр аралык келишимдердин негизинде жеткирилүүчү дизелдик күйүүчү майга, анын ичинде Тажикстанга макулдашылган жеткирүүлөргө тиешелүү эмес.

Июлдун башында дрондор «Газпром нефть» компаниясына таандык Омск мунай иштетүүчү заводуна чабуул жасап, анын айрым объектилери жабыркаганы расмий тастыкталган.

«Газпром нефть – Тажикстан» компаниясы республикадагы бензин менен дизелдик күйүүчү майдын эң ири импорттоочусу болуп саналат. 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында бул компанияга аталган күйүүчү май түрлөрүнүн импортунун болжол менен 45 пайызы туура келген.

Ошол эле учурда Омск мунай иштетүүчү заводуна жасалган чабуул Тажикстанга күйүүчү май жеткирүүнүн кыскарышынын түздөн-түз себеби болгонун ырастаган расмий маалымат азырынча жок. Анткени республикада дизелдик күйүүчү майдын тартыштыгы бул окуяга чейин эле байкала баштаган.

Булак: Asia+

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: бензинбензин тартыштыгыТажикстан
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Россиянын 53 аймагында бензиндин баасы төмөндөдү

Россиянын 53 аймагында бензиндин баасы төмөндөдү

22.10.2026
Италиянын аэропортторунда күйүүчү май түгөндү

Италиянын аэропортторунда күйүүчү май түгөндү

21.10.2026
Трамп Иран менен согуш жакын арада аяктай турганын билдирди

Трамп Иран менен согуш жакын арада аяктай турганын билдирди

21.10.2026
Согушка карабастан, Иран менен Тажикстандын ортосундагы соода жүгүртүү 50 пайызга өстү

Согушка карабастан, Иран менен Тажикстандын ортосундагы соода жүгүртүү 50 пайызга өстү

21.10.2026
К. Эшатов: “Өлкөбүздөгү эки мунай заводу толук иштесе,  керектөөнүн жарымынан көбүн өзүбүз өндүрөбүз”

К. Эшатов: “Өлкөбүздөгү эки мунай заводу толук иштесе, керектөөнүн жарымынан көбүн өзүбүз өндүрөбүз”

20.10.2026
Тажикстан менен АӨБ Рогун ГЭСин курууга 500 млн доллар бөлүү маселесин талкуулашты

Тажикстан менен АӨБ Рогун ГЭСин курууга 500 млн доллар бөлүү маселесин талкуулашты

19.10.2026
Тажикстан менен Иран толугу менен визасыз режимге өттү

Тажикстан менен Иран толугу менен визасыз режимге өттү

07.10.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026
Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026
Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
216 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.