Балык чарбасы эң кирешелүү жана пайдалуу булактардын бири болуп саналат. Акыркы учурда Кыргызстанда балык чарбачылыгы кайрадан жанданып, балык өстүрүү бизнеси акырындык менен өнүгүп келе жатат.
Балык багууну мыкты өздөштүрүп, калкты сапаттуу жана экологиялык жактан таза азык менен камсыздап, ага кошумча жумуш орундарын түзүп, өлкөнүн экономикасына салым кошуп жаткан теги ирандык ишкер Саад Юсеф Данаи Голам Хоссейн Реза 15 жылдан бери балык чарбасы менен алектенип келет.
Ишкер түйшүгү оор, кирешелүү бизнеске кантип келип калганын «EurasiaToday» агенттигине берген маегинде айтып берди.
– Данаи мырза, алгач өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз.
– Мен Кыргызстанга 20 жыл мурун келип, кыргыз жарандыгын алгам. Орус тилин жакшы көргөндүктөн, аны үйрөнө турган өлкөлөрдү издеп жүрдүм. Менде Казакстан, Беларусь, Украина жана Орусия сыяктуу өлкөлөрдү тандоо мүмкүнчүлүгүм бар болчу, бирок акыры Кыргызстанды тандадым. Анткени ал кезде мен жашаган Мешхед шаарынан Бишкекке түз аба каттамы бар болчу, башка өлкөлөргө түз каттам жок эле. Ошондуктан бул жакка келгем. Кыргызстанда бизнес кылып жүргөн ирандыктардын 90%ы Мешхедден келгендер.
Кыргызстанда жашаган ирандыктар: «Бишкектин суусун бир жума ичсеңер, бул жерде жашап калып каласыңар» дешет (күлүп).
Кесибим боюнча перс тили мугалимимин. Алгач Бишкек мамлекеттик университетинде сабак берип, ошол эле учурда орус тилин үйрөнгөм.
– Жогорку окуу жайынын окутуучулугунан балык чарбасына же ишкерликке кантип өтүп кеттиңиз?
– Балык – адамдын ден соолугу үчүн эң пайдалуу азык. Тилекке каршы, кыргыздар балык көп жешпейт экен, жылына бир-эки жолу же майрамдарда гана жешет. Мен балыкты күн сайын жейм.
Азыр Кыргызстанда мал чарбачылыгы менен алектенгенден көрө балык багуу кирешелүүрөөк. Анткени акыркы жылдары республиканын айрым жайыттарында чөп деле калбай калды. Балык чарбасын 15 жылдан бери жүргүзүп келем. Кыргызстанда бул чарбачылыктын түрү өнүкпөгөндүктөн, жакшы адистер да жокко эсе. Ошондуктан көп жылдар бою балыкты туура багууну, тоютунан тартып бассейндерге чейин изилдеп келем.
Бүгүнкү күндө Токмок шаарында балык чарбачылыгы жакшы өнүгүп келе жатат десем жаңылышпайм, бул жер балык өстүрүүгө абдан ыңгайлуу. Токмокко шаардын символу катары балыктын эстелигин тургузуп койсо да болот.
Кыргызстандын эч бир жеринде бул жердегидей көп балык багылбайт. Бул жакка өлкөнүн ар кайсы аймактарынан балык бизнеси менен алектенген ишкерлер келишип, сатып алып кетишет.
– Балыкты кантип багуу керек?
Балык багуунун өзүнүн ыкмасы бар. Биз уруктандырылган икраларды көбүнчө Франция, Дания же Испаниядан атайын бир температураны сактаган муз салынган кутулар менен алдырып, өзүбүздүн инкубаторлордо чоңойтобуз. Чарбада өзүнчө имаратта атайын инкубациялык цех бар, ал жерде икралар эки жумада майда чабакка айланат.
– Инкубациялык мезгилде биз дайыма суунун берилишин, кычкылтекти, суунун температурасын көзөмөлдөп, жараксыз болуп калган икраларды алып турабыз. Анткени алар грибок инфекциясынын өнүгүшүн шарттайт, ошондуктан аларды күн сайын тазалоо абдан маанилүү. Ал ар кандай жолдор менен алынып салынат, биз кадимки бүрккүчтү (спринцовка) колдонобуз.
Мындан тышкары, форелдин икрасы өсүү процессинде жарыкка өтө сезимтал болгондуктан, аларды караңгы жерде кармоо керек. Бизде ар бир инкубациялык аппаратта 100 миңге чейин икра бар. Майда чабактарды кичинекей бассейндерде кармайбыз. Алар чоңойгон сайын чоңураак бассейндерге которуп, эң чондорун көлмөлөргө кое беребиз.
Учурда чарбада 20 миллиондон ашык майда чабак бар. Чакан бассейндерде аз дегенде 20 же 30 миңдей чабак, ал эми чоңдорунда алардын саны 50 миңге чейин жетет.
Чабактарга күнүнө 10 маал жем берилсе, бир аз чоңойгондо сегиз жолу, андан кийин күнүнө 5 ирет берилет. Кыскасы, балык өскөн сайын жемдин көлөмүн чоңойто беребиз. Эгерде жемдин диаметри 0,2 мм болсо, эки жумадан кийин 0,5 мм беребиз, андан соң 0,8 мм, ошентип балык өскөн сайын жемдин көлөмү өзгөрүп турат.
Форель чабактарынын 98%ы ургаачы болот. Аларды денесинин жана башынын түзүлүшү менен айырмалайбыз. Форелдин эркегинин астыңкы жаагынын учу азуу сымал өйдө карап турат. Ургаачылары жемди эркектерге караганда көп жешип, этти да көп беришет. Ошондой эле бассейнде кубулма форельден тышкары, янтарь жана салмагы алты килограммга жеткен бир метрлик осетр балыктарын багам. Осетр балыгы эң кымбат икра берет, анын килограммы 500 доллардан баштап 1000 долларга чейин жетет. Салмагы 40 кг чейин барат. Бирок мен бул балыктарды сатпайм, аларды жөн гана кооздук үчүн багам.
– Жемди кайдан аласыздар?
– Кыргызстандын рыногунда жем боюнча көйгөй жок. Тоют Дания, Армения, Иран, Казакстан, Россия жана Франциядан алынып келинет. Кыргызстанда да жем чыгарылат, бирок аны чет элдикине салыштырууга болбойт. Мен негизинен Иран өлкөсүнөн алдырам. Франциядан өндүрүлгөн жемдер эң жакшылардын бири, бирок кымбат, ал эми Ирандын жеми орточо баада жана сапаты жагынан кем калышпайт.
Форель этинин өнү-түсү жана сапаты анын жеген тамагына жараша болот, ошондуктан биз сапаттуу жана пайдалуу азыктарды гана сатып алууга аракет кылабыз.
– Балыктар да ооруп-сыркоолойбу?
– Ооба, балыктар дагы башка жандыктардай эле оору-сыркоого чалдыгат. Аларда оорунун 80ге жакын түрү бар. Бирок бассейндер туура курулса, суу дайыма таза болсо, балыктар оорубайт. Алардын саламаттыгын ихтиологдор карайт. Бирок Кыргызстанда бул тармак боюнча адистер саналуу гана жана атайын дарыканалар да жок. Ошондуктан биз айрым учурда бодо малга арналган кээ бир дарыларды колдонобуз, бирок колдон келсе аны колдонбой койгон жакшыраак.
Балык бала сыяктуу дайыма көзөмөлдү жана кароону талап кылат, күнү-түнү тынчыбайсың. Аларга витаминдерди, дарыларды убагында берип туруу керек. Жакында эле Токмоктогу көлмөлөрдө форель балыктары массалык түрдө кырылды, андан улам көптөгөн ишкерлер чыгымга учурашты.
Бирок азыр бул кырдаалдан чыктык. Бактыга жараша, биз көп чыгымга учураган жокбуз. Мындай учурлар болбош үчүн балыктарга атайын дарылар керек, бардык фермерлер ага муктаж. Биз керектүү дары-дармектерди өзүбүз алып келмекпиз, бирок ал үчүн уруксат керек. Бул ишкерлердин бизнесин натыйжалуу жүргүзүүсүн бир топ жеңилдетмек.
– Дагы кандай кыйынчылыктар бар?
– Негизи балык багуу абдан олуттуу, түйшүктүү жана тобокелдүү иш. Эң оор түйшүк күз мезгилине туш келет. Бул мезгилде, көлмөнүн бетин жалбырактардан кылдат тазалоо керек. Жалбырактар тосмолорго тыгылып калат. Аларды өз убагында тазалабаса, бассейнге таза суу кирбей, балыктарга дем жетпей өлүп калышы мүмкүн. Адамдын жаратылышка жасаган этиятсыз мамилесинен да тиричилик таштандылары сууларды булгап жатат.
Форель үчүн жайдын ысык мезгили да кооптуу. Суу ысыганда температура көтөрүлүп, кычкылтек азаят. Ал эми форель үчүн бул маанилүү, анткени ал муздак жана агын сууда 9дан 15 градуска чейин жашайт, 15 градустан жогору температурада – өлүп калат. Биз сууну керектүү кычкылтек менен каныктыруу үчүн аэраторду колдонобуз.
Ошондой эле балык менен азыктанган кара каз, кундуз, норка, суусар сыяктуу канаттуулар менен жаныбарлар да балык чарбасына зыян келтириши мүмкүн. Бир канаттуу күнүнө 10-50 балыкты жеп коет, бирок бул чоң көйгөй эмес. Оорулуу канаттуулардын көлмөгө конушу эң чоң коркунуч келтирет. Анткени алар өзү менен кошо ылаң алып келиши мүмкүн. Ошондуктан, аларды ар кандай жолдор менен качыруу керек.
– Балыктарды кайда сатасыздар?
– Чабактарды бизден өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген жергиликтүү ишкерлер сатып алып кетишет. Аларды жеткирүү учурунда эрежелерди так сактоо керек. Унааны атайын жабдыктар жана кислород баллону менен камсыздап, балыктарды тирүү бойдон кардарларга жеткиребиз.
Балыктын бир топ бөлүгүн жергиликтүү рынокко сатсак, калган бөлүгү Орусия менен Казакстанга экспорттолот.
– Сизден кеп-кеңеш алып жүргөндөр барбы? Балык баккысы келгендерге кандай кеңеш бере аласыз?
– Жогоруда айткандай эле 15 жылга жакын убакыттан бери бул бизнес менен алектенип келем. Форель өстүрүүнү каалаган башка ишкерлерге ар дайым жардам берүүгө жана өз тажрыйбам менен бөлүшүүгө аракет кылам. Быйыл жазда балыкчылык академиясын ачууну пландап жатам. Анда каалоочулар бизнестин бул түрүн бекер үйрөнө алышат. Жакынкы келечекте ишкердиктин бул түрү өнүгүп, ага болгон суроо-талап көбөйөт деп ишенем.
Маектешкен: Асанакунова Айзат