Кыргызстан Жакынкы Чыгыш аймагындагы кырдаалды андан ары туруксуздандырууга чоң коркунуч жараткан чыңалуунун күчөшүнө өзүнүн терең тынчсыздануусун билдирет.
Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЖМКлар үчүн билдирүүсүндө айтканын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Мамлекет башчынын айтымында, Кыргызстан тараптарды түзүлгөн кырдаалды тынчтык жолу менен чечүү максатында абалдын андан ары курчушуна алып келиши мүмкүн болгон аракеттерден карманууга чакырат.
“Тилекке каршы, Газа тилкесиндеги кайгылуу окуялар уланууда. Бириккен Улуттар уюмуна мүчө мамлекеттер катары биз бул көйгөйгө жамааттык жооп табууга аракет жасап, аны тынчтык жолу менен чечүүгө милдеттүүбүз деп эсептейм”, – деди Жапаров.
Ал белгилегендей, Кыргызстан эл аралык коомчулуктун, биринчи кезекте Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешинин аракеттерин бириктирүүнү колдойт.
“Бул аракеттер согуштук иш-аракеттерди тезинен жана толук токтотууга, Газа тилкесиндеги гуманитардык кризисти чечүүгө, саясий диалогду баштоого жана «эки эл үчүн эки мамлекет» принцибинин негизинде Бириккен Улуттар уюмунун резолюцияларына ылайык палестина-израиль чыр-чатагын тынчтык жолу менен жөнгө салууга багытталышы керек”, – деди президент.
Садыр Жапаров Кыргызстан палестина элинин өз тагдырын өзү чечүү, өз мамлекетин түзүү жана БУУга толук укуктуу мүчө катары кирүү укугун таанып, колдойт деп баса белгиледи.
Президент Садыр Жапаров расмий сапары менен Куала-Лумпур шаарына 24-июнда келген. Расмий сапардын алкагында Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим менен сүйлөшүүлөр болуп, анын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду.




















