Министрлер кабинети Токтогул, Киров, Күрп-Сай, Шамалды-Сай, Таш-Көмүр, Үч-Коргон жана Базар-Коргон суу сактагычтарында 3 жылга өнөр жайлык балык уулоого мораторий жарыялады.
Бул тууралуу документке Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгонун кыргыз өкмөтүнүн расмий сайтында жарыяланды.
Чечим балык корун сактоо жана көбөйтүү максатында кабыл алынды.
Тыюу салуу балыктын бардык түрлөрүн кармоого, сатууга жана экспорттоого да тиешелүү.
Ошол эле учурда тордо өстүрүү, спорттук балык уулоо жана илимий изилдөөлөр жүргүзүүгө уруксат берилет.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги ар жылы мораторийдин жыйынтыгын баалап, суу сактагычтарды балыктандырып тура турганы маалым болду.
Кыргызстанда балык уулоонун атайын эрежелери бар. Башкача айтканда, бардык жарандар ышкыбоздук балык уулоого чыгуу үчүн атайын уруксат менен кармаш керек. Ал эми топ менен кармоого такыр болбойт.
КР Укук бузуулар жөнүндө Кодекске ылайык, балык уулоо эрежелерин бузган учурда жарандарга миң сомдон он миң сомго чейин, ал эми кармаган ар бир балыгына 505 сомдон айыппул салынат. Ошондуктан аларга ышкыбоздук балык уулоого мыйзамсыз чыкпай, уруксат алуу милдеттендирилет.




















