Кыргызстан АКШ менен эки тараптуу мамилелерди узак мөөнөткө чыңдоого кызыкдар. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен болгон жолугушуусунда билдирди.
Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар үстүбүздөгү жылдын жыйынтыгы боюнча кыргыз-америка кызматташтыгы активдешкендигин, атап айтканда, жогорку деңгээлдеги сапарлардын жана Борбордук Азия-АКШ саммитинин жыйынтыгында канааттануу менен белгилешти.
Тараптар келерки жылы экономикалык, маданий жана билим берүү чөйрөлөрүндө бир катар тармактарда кызматташууну өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
“Өз кезегинде элчи эки тарапты кызыктырган бардык маселелер боюнча колдоо көрсөтүүгө даяр экенин ырастады. Ал эки мамлекет башчыларынын Борбордук Азия-АКШ саммитинин алкагындагы жолугушуусун жогору баалап, бул жолугушуу кыргыз-америкалык мамилелерди чыңдоого жана илгерилетүүгө түрткү болот деген ишенимин билдирди”, – деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, Жапаров менен Вигери эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, жашыл энергетика жана климаттын күн тартиби жаатындагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурушту.
Күн мурун АКШнын элчиси депутат Улан Примов менен жолугушуп, виза маселесин талкуулаган.
Примов кыргызстандыктар виза алууда бир катар кыйынчылыктарга туш болуп жатканын айтып, америкалык тарап Кыргызстандын жарандарына виза берүү процессин мындан ары оптималдаштыруу боюнча ишти улантарына ишеним билдирген.
Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдиргендей, Вигери виза маселесине кеңири токтолгон. Бирок элчи виза маселесине байланыштуу эмнелерди айтканы айтылган эмес.
Тараптар ошондой эле Кыргыз-Америка кызматташтыгынын учурдагы маселелерин талкуулап, парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашышкан.


















