Президент Садыр Жапаров өлкөнүн эң оор тармагын – коопсуздук жана чек араны досуна жөн жерден берген эмес экен. Көп жылдан бери топтолуп калган көйгөйдү чечүү чындап жеңил иш эмес.
Эки дос келери менен чек ара маселесине катуу көңүл бура баштаганы тажик коңшуга жаккан жок. Лейлек, Баткен эшек жайлоо болуп жата бергенде согуш чыкмак эмес, коңшулар аз-аздан бери көздөй кирип келе бермек. Кыргыз жерлерин акырындап ээлеп алуу “саясаты” ишке ашпай калганына көзү жеткенде согуш чыгарышты. Башка бийлик болсо мындай учурда душмандын шартына көнүп берсе керек эле. Эки дос антпеди. Тескерисинче, “согушса согушабыз, керек болсо Тажикстанга өтүп кеткен тарыхый жерлерибизди кайтарып алууга күчүбүз жетет” деп катуу билдирүү таратты.
Мына ушул билдирүү пайдасын бердиби, же башка мандем барбы, айтор кыргыз-тажик мамилеси бир аз жумшара баштагандай таасир калтырууда. Өзгөчө чек арада жашаган эл үчүн чек аранын тынчтык жол менен эртерек чечилиши зарыл болуп турат. Коопсуздугунан жүрөк заада болгон жердештерим отурса-турса Камчыбек Ташиевге ден-соолук тилеп дуба кылышууда.
Тургунбай Алдакулов.

















