Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселеси чечилип, кошуна өлкө аймактык дооматынан баш тартты. Бул тууралуу 2-октябрда президенттин маалымат саясаты кызматынын мурдагы жетекчиси Нургазы Анаркулов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди. Анда мындай деп айтылган:
«Урматтуу кыргыз элим! Өзүмдүн баракчам аркылуу кубанычтуу кабар менен бөлүшүп коюуну чечтим. Эмесе, сүйүнчү! Кыргыз-тажик чек ара талашына чекит коюлду!
Кыргыз-тажик чек арасы боюнча эгемендик колго тийген күндөн баштап оор сүйлөшүүлөр болуп келе жатканын жакшы билесиздер. Тажик тарап ар кандай жолдор менен, анын ичинде куралдын күчү аркылуу бизди сындырып, маселени өз пайдасына чечүүгө аракет кылып келди. Баткенге басып кирип, эр жүрөк жигиттерибиздин эрдиги менен бир метр жерибизди тебелетпей, артка кайтарган, тарыхта кара так болуп калган окуялар эстен кете элек. Кыргыз-тажик чек арасы боюнча комиссияны Камчыбек Ташиев жетектей баштагандан кийин муз ордунан жыла баштаган. Кээде жумшак, бирде дипломатиялык тилде, а көпчүлүк убакта кескин ультимативдуу түрдө сүйлөшүүгө туура келди. Такыр айла кеткенде тарыхый документтерге таянып, өздөрүнүн тили менен талап коюуга аргасыз болду. Мына ошол оор сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы — кыргыз-тажик чек арасы боюнча талаштын баарына чекит койгон протокол болду. Ага бүгүн Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов кол коюшту. Бул чыныгы тарыхый протокол. Анткени, тажик тарап отуз жылдан бери койгон дооматтарынан бүт баш тартты жана анын баары протоколго түшүрүлдү. Мындан тажик тарап дагы зыян тарткан жок, себеби, чыныгы, реалдуу чек араларга кайттык. Камчыбек Ташиев үчүн буга жетиш өтө кыйын болду. Буга канча энергия, эмне деген дарамет, аракет коротулганын эл билбесе да, Кудай таалам жакшы билет. Сизге Кудайым күч кубат берсин! Бул эмгегинизди унутпайбыз! Ошентип, чек ара талашына чекит коюлду. Биздин талаптар аткарылды. Президент Садыр Нургожовичке, генерал Камчыбек Кыдыршаевичке элге ушундай сүйүнүчтүү кабар тартуу кылганы үчүн терең ыраазычылык билдиребиз! Алга, Кыргызстан!»,- деди ал.
Ушул эле маалыматты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалымат кызматы да тастыктап, эки өлкөнүн делегациялары жолугушкан жана тиешелүү документтерге кол койгон учурлары чагылдырылган сүрөттөр менен коштолгон төмөндөгүдөй билдирүү таратты:
«2023-жылдын 2-октябрында Кыргыз Республикасынын Баткен шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын кезектеги Биргелешкен жыйыны болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын делегациясын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Төрагасы Камчыбек Ташиев жетектесе, Тажикстан Республикасын — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектеди.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселеси боюнча олуттуу пикир алмашуу болду. Делегациялардын жетекчилери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясынын калган тилкелерде өтүшүн андан ары сыпаттоону активдештирүү зарылдыгы тууралуу толук түшүнүшүү менен жумушчу топторго тийиштүү тапшырмаларды беришти.
Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтору жана укуктук маселелер боюнча жумушчу топтору мамлекеттик чек аранын калган тилкелериндеги долбоордук линияны сыпаттоо боюнча ишин улантышат.
Жолугушуунун жүрүшүндө чек ара райондорунун ортосундагы достукту, өз ара түшүнүшүүнү жана ишенимди бекемдөө, ошондой эле чек ара облустары менен эки мамлекеттин райондорунун ортосундагы кызматташуу боюнча активдүү иштерди улантуу зарылдыгы өзгөчө белгиленди. Биргелешкен жыйындын жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлду.
Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда өттү».
Белгилей кетүүчү жагдай, кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970-980 чакырымды түзөт. Аны тактоо иштери 2002-жылы башталып, 2020-жылга чейин 519 чакырымы толук такталган. 2022-жылы эки өлкөнүн лидерлери жолукканда жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан.
2021-жылы апрель жана 2022-жылы сентябрь айларында Тажикстан ар кандай шылтоолор менен чагымчылдык уюштуруп, Кыргызстандын аймагына эки ирет кол салган жана андан жүздөгөн үйлөр өрттөлүп, таланып-тонолуп, бир нече жарандарыбыз каза болгон. Ошол учурдагы кыргыз өкмөтү чек ара маселеси чечилгенге чейин Тажикстан менен чек араны жаап салган жана соода-сатык, жарандардын кирип-чыгышына тыюу салынган.