Кыргызстандын Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Индиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бирендер Сингх Ядавды кабыл алды.
КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, 29-октябрда болгон жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-индия мамилелеринин учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.
Жогорку деңгээлдеги расмий сапарлардын жыйынтыгында жетишилген мурдагы макулдашууларды ишке ашырууга, айрыкча соода, транспорт жана инвестиция тармактарындагы кызматташтыкты чыңдоо бөлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.
Өз кезегинде Индиянын Элчиси эки тараптуу кызматташтыкты, айрыкча соода-экономикалык тармакта мындан ары бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.
Жолугушуунун алкагында тараптар көп тараптуу форматтардагы, атап айтканда Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) алкагындагы кыргыз-индия өз ара аракеттенүүсүнүн келечегине өзгөчө маани беришти.
Уюмдун потенциалын чыңдоо жана аймактык демилгелерди биргелешип илгерилетүү максатында Кыргызстандын төрагалыгы мезгилинде пландаштырылган иш-чараларга Индиянын активдүү катышуусунун маанилүүлүгү баса белгиленди.




















