Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөлөрү Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков жана Амантур Исмаилов Польшада өтүп жаткан “Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open” эл аралык турниринде алтын медаль утушту.
Мелдештер 19-24-июнь күндөрү Варшава шаарында өтүп жатат.
77 кг чейинки салмак ченинде күрөшкөн Акжол Махмудов 19-июнда алгач украиналык спортчуну 12:2 эсебинде, андан соң алжирлик спортчуну 9:1 эсебинде, ал эми колумбиялык балбанды 12:1 эсебинде утуп, финалда польшалык спортчуну 8:0 эсебинде утуп алды.
Ушул эле күнү кыргызстандык балбан Үзүр Жусупбеков коло байгеге ээ болду.
Спортчу 97 кг чейинки салмак чен бирдигинде катышып, тилекке каршы биринчи кармашта украиналык балбанга жеңилип калган. Кийинки беттешинде алжирлик спортчуну артта калтырды. Ал эми коло медаль үчүн мелдешин польшалык балбан менен кез келип, 3-орунду багындыра алды.
20-июнда 60 килограммга чейинки балбандар арасында күч сынашкан Жоламан Шаршенбеков Алжир менен Польшанын спортчуларын мөөнөтүнөн мурда утуп алып, финалда украиналык спортчуну 9:1 эсебинде утту.
67 килограммга чейинки салмактагы балбандар Амантур Исмаилов менен Раззак Бейшекеев финалга тең чыгып калган, бирок Бейшекеев Исмаиловго күрөшпөй эле жол бошотуп берген. Жыйынтыгында Амантур Исмаилов алтын, Раззак Бейшекеев күмүш медаль тагынды.
Турнирге катышып жаткан грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын курамы:
- 60 кг – Жоламан Шаршенбеков;
- 67 кг – Амантур Исмаилов;
- 67 кг – Раззак Бейшекеев;
- 77 кг – Акжол Махмудов;
- 97 кг – Узур Жузупбеков.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын курамы:
- 59 кг – Калмира Билимбек кызы;
- 62 кг – Айсулуу Тыныбекова;
- 68 кг – Мээрим Жуманазарова;
- 76 кг – Айпери Медет кызы.



















