Кумтөр алтын кени негизинен Советтер Союзунун убагында 1978-жылы эле геологдор тарабынан изилденип табылган экен.
Айрым маалыматтарга караганда бул кенди СССРдин бийлиги 2005-жылдары иштетүүнү пландаштырыптыр. Тилекке каршы, Союз урагандан кийин ар бир республика өзүнүн арбайын тарта баштаганда, экономикалык кризистин алдын алуу үчүн Кумтөр кенин иштетүү каралган. Бул уникалдуу кен. Ал дүйнө жүзүндөгү жетинчи эң ири кендердин бирине кирет. Кендин запасы боюнча СССРдин аймагында үчүнчү орунда турган.
716 тонна алтын запасы бар кенди иштетүү боюнча инвесторлорду тратууда ошол учурдагы “Легендарлуу” парламенттин трибунасында бир топ талаш-тартыш пикирлер жаралганы эсибизде. Андагы депутат Дастан Сарыгулов канадалык “Камеко” компаниясынын келишине ачыктан-ачык каршы чыгып, Жогорку Кеңеште англиялык компанияны жактаганы коомчулукка маалым. Айтор, канчалык кайчы пикирлер жаралбасын Кумтөр алтын кенин иштетүүгө Канаданын “Камеко” компаниясы ишеним алганын аргасыз моюнга алышыбыз керек.
Албетте, бул кандай компания? Кайдан” Ким алып келди? деген собол жаралары турган иш. Ошол учурда ири держава СССРден бөлүнүп чыккан Орто Азия республикалары пландуу экономикадан жаңыдан рыноктук чарба жүргүзүүгө өтө баштаган шарттан пайдаланып, еврейлердин кээ бир шылуун “десанттары” биздин регионго келе баштаган окшойт. Анткени, кыргыз алтынын өз алтынындай чет өлкөгө ташыган еврей улутундагы Борис Бирштейн Кыргызстанга келгенге чейин КМШ өлкөлөрүнүн Украина, Россия, Казакстан жана Өзбекстанга да барышы, ал жактан куулуп чыкканы сөзүбүздү айкындап турат. Арийне Бирштейн кошуна өлкөлөрдөн кубаланганы менен, ал Кыргызстанга келгенде жылуу-жумшак кабыл алынышы таңданууну жаратпай койбойт.
Мунун да жөнү бар. Себеби, дүйнөлүк масштабдагы залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун уулу Санжар Айтматов 1992-жылы “Сиабеко” фирмасынын башчысы Борис Бирштейн мырзаны Президент Аскар Акаевге тааныштырган. Ошентип, кошуна өлкөлөрдүн Президенттери жанына жолотпогон эл аралык деңгээлдеги аферист Б. Бирштейн мырза А. Акаевдин мамлекеттик кеңешчиси деген бийик даражага ээ болуп, Ак үйдүн 7-кабатынан кабинет берилип, өзгөчө сыйга бөлөнөт.
Арадан көп өтпөй Кыргызстандын энчисиндеги 1801 килограмм алтынды Б. Бирштейн эч кандай бажы жана башка төлөмдөрүн төлөбөй менчик самолету менен ташып кеткени жамы журттун эсинде болсо керек. Ошондогу “Легендарлуу” парламенттин депутаттары канча алтын ташылып кеткендиги жөнүндө сураганда, андагы “Кыргызалтындын” президенти, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Сарыгулов, “тараза жок болуп калып, көз божомолу менен эсептегенбиз” деп айткан жайы бар экен. Бул эмне деген кайдыгерлик?! Кыргыз элинин байлыгын көз болжол менен чет өлкөгө айдаган ал кандай жетекчи? Убагында муну тактап эч ким сураган эмес. Кыргыз алтынын белгисиз жактарга алып кетүүдө Санжар Айтматовдун да салымы чоң экендиги талашсыз.
Тилекке каршы, Президент А. Акаев эл энчи болгон алтынга карата жеке кызыкчылыгы болгондугунан улам, Б. Бирштейн, С. Айтматов жана башка тийиштүү адамдарга чара көрүүнүн ордуна улуу балээден унчукпай кутулуп кеткен.
Балким, Аскар Акаев Чыңгыз Айтматовдун сөзүн эки кылууга аргасы болгон эмес. Анткени, А. Масалиев, А. Жумагулов жана Ж. Аманбаевдер Президенттикке талапкерлиги коюп өтпөй калганда, Чыңгыз Айтматовдун сунушу менен Москвада СССР Жогорку Советинин депутаты болуп иштеп жүргөн Аскар Акаевди түн ичинде чакырып келишип, эртеси Президенттикке шайлашпады беле. Чындыгында күтүүсүз иш болгон. Акаевдин чарба, өндүрүш жаатында жетекчи катары таптакыр тажрыйбасы жок эле да. Бирок, ошого карабастан Президент болуп шайланган. Мында Чыңгыз Айтматовдун салымы чоң болгон. Ошондуктан Акаев Айтматовдун алдында өмүр боюу чөгөлөп, карыздар болгону чындыр?
Мүмкүн Чыңгыз Айтматов менен Санжар Айтматовдун сунушунан улам, эч нерсени иликтебей, тактабастан “Сиабеконун” башчысы Борис Бирштейнди алып келишсе, ошого макул болгондур? Кийин Акаевдин деле “дээринде” бар окшойт, ал дагы алтынга арбалып, эл ишенимин аткан ажолугун унутуп, элдин байлыгын “жеп-ичүүдөн” кайра тартпай, дүйнөдөгү ири кендердин бири болгон “Кумтөр” алтын кенин ит бекер канадалык шылуун еврейлердин колуна кармата бергендиги үчүн элдин убалына калды десем жаңылышпаймын.
Элибиздин дагы бир мыкты уулдарынын бири ошол убактагы Премьер-министр Насирдин Исанов “Кумтөр” долбоору боюнча Канадалык ишкерлер менен келишим түзгөнгө каршылардан экенин билчү элек. Бирок, бул адам автоавариядан делип, табышмактуу өлүмгө дуушар болгон.
Эми “Камеко” компаниясынын таржымалына көз жүгүртсөк, бул дүйнөдөгү уранды иштетүү боюнча 2-орунду ээлеген ишкана экен. Ал эч качан алтын өндүрүшү менен иштебептир. Бирштейндин “Сиабеко” фирмасынын шарапаты менен келген “Камеко” компаниясы Акаевдик бийликтин коюнуна кирип, Кумтөр алтын кенин иштетүүгө жан талашкан. Тагыраак айтканда, “Сиабеко” менен “Камеко” эже-сиңди десек жарашат.
“Камеко” дейбизби, Бирштейн дейбизби, алардын шылуундугун ушундан билиңиз, алтын өндүрүшү боюнча бир күн иштебеген компания эч кандай тендерге катышпай жападан-жалгыз өзү кыргыз мыйзамын тебелеп-тепсеп, Кыргызстандын Өкмөтүн “сатып алып” келишим түзгөн.
Жогорку Кеңештин экс-вице-спикери
Кубанычбек Исабековдун
“Кумтөрдөгү “алтын” мафия” аттуу китебинен.