Москвадагы “Крокус Сити Холл” концерттик залындагы террактта жүздөй адамды куткарууга себепчи болгон өспүрүм Ислам Халиловго Кыргызстандын футбол боюнча Улуттук курама командасынын оюнчуларынын кол тамгалары түшүрүлгөн футболка тапшырылды.
Бул белекти тапшыруу демилгесин курама команданын капитаны Валерий Кичин көтөргөнүн Кыргыз футбол бирлиги билдирди. Жакында ал Ислам менен телефон аркылуу сүйлөшүп, анын кылган эрдиги үчүн жалпы команданын атынан ыраазычылык билдирген.
Опубликовано Кыргыз футбол биримдиги Среда, 3 апреля 2024 г.
Буга чейин москвалык «Спартак» командасынын оюнчулары да Халилов менен жолугуп, ага атайын футболка, баалуу белектер жана алардын бардык беттештерине абонемент тапшырышкан.
Исламга ыраазычылык билдиргендердин эң алгачкысы болуп, орусиялык ырчы Алишер Моргенштерн 1 млн рубль сыйлык бергенин жарыялаган.
Мындан сырткары, Орусиянын мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы, муфтий Равиль Гайнутдин Исламды «Эрдик үчүн» медалы менен сыйлаган.
Ал эми «Кыргызстан менен достук коому» автономиялык коммерциялык эмес уюмунун демилгеси менен Халиловго Орусиядагы жогорку окуу жайлардын бирине окууга грант берилген.
Бул терактта Исламдан сырткары, Рустам Бакытбеков, Белек Каныбеков аттуу дагы эки кыргызстандык жаран адамдарды куткарууга катышкан. Аларды КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү Ардак грамота менен сыйлаган.



















