22-мартта кечинде Москванын Красногорск шаарындагы “Крокс Сити Холл” концертти залындагы каргашалуу окуяда жүздөгөн адамдардын өмүрүн сактап калган Исламдын кайсы улуттан экендиги социалдык тармакта кызуу талаш-тартышты жаратууда.
Мисалы, Нурия Малабекова аттуу Фейсбук колдонуучу өзүнүн барагына андан азербайжандар Исламды азербайжан улутунда деп талашып жатышкандыгын мындай деп жазган: “Крокустагы адамдардын өмүрүн сактап калган Исламды , Азербайжандар биздин бала деп тик-токо чыгарып алышыптыр. Жок бул кыргыз десем, кыргызга окшобойт, для кыргызов он слишком красив деп мен менен талашып атышат. Кыргыздар көздөрү жүлжүйгөн, жымшыйган такыр сулуусу жок деп ойлошот окшойт. Жаман жиним келип атат”.
Ошондой эле Фейсбуктун башка колдонуучулары да Исламдын улуту өзбек болушу мүмкүн экендигин, канткен менен ал Кыргызстандын жараны болгондуктан, бул жерде улутка маани берүү туура эмес боло тургандыгын айтып жатышат.
“Крокустагы” теракт учурунда 100дөн ашык адамды куткарып калган Исламдын теги кыргызстандык. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди. Ал Ислам менен видеозвонок аркылуу сүйлөштү. Анын атасы Бактияр Сузактан, апасы Айпери Өзгөндөн. 3 бир туугандын эң улуусу.
Москвадагы террактта 100догон адамдарды олумдон сактап калган 15 жаштагы Ислам, Кыргызстандык азамат болуп чыкты. Ал бош убактысында ошол борбордо кийим чечуучу жайда иштеп жургон. Башаламдыкка тушкон Элди, кийим чечуучу жердеги кошумча эшик менен чыгып кетууго жол корсотуп, 100дон ашуун жарандарды боодо олумдон сактап калды. Исламдын ата-энеси коп жыл мурда Кыргызстандан Москвага кочуп келишип, Ислам Москвада торолуп чонойгон тубу Кыргызстандык жигит..15-летний Ислам, спасший в “Крокусе” более ста человек, оказался уроженцем Кыргызстана.Российские СМИ написали о героическом поступке 15-летнего подростка Ислама во время теракта в концертном зале "Крокус Сити Холл" на окраине Москвы.Школьник, подрабатывавший в гардеробе центра, во время стрельбы вывел из здания больше 100 человек.
Опубликовано Надыром Мурасом Воскресенье, 24 марта 2024 г.
“Кадимки эле жумуш күн болчу. Биринчи кабаттан бир кызык үндөр чыгып жатты. Алгач эскалатор бузулду же мас адамдар го деп ойлогонбуз. Бирок бир маалда адамдар ызы-чууга түшүп кача баштаганын көрдүк. Шок абалда тура берсем өзүмдүн жана жүздөгөн адамдардын өмүрү кыйыларын түшүнүп турдум. Топтолуп калган адамдарды көздөй ок чыгарып же граната ыргытабы деп корктум. Бирок эшикти ачканга жетиштим. Баарыбыз тышка чыгып кеттик”, — деген Ислам.
Ата-энеси уулу менен сыймыктанарын белгилешүүдө.
Кошумчалай кетүүчү жагдай, Россиянын муфтийи Равиль Гайнутдинов Исламды мамлекеттик сыйлыкка сунуштады. Ал эми Моргернштерн атуу белгилүү россиялык ырчы ага 1 млн. рубль акча берген. Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын төрагасы Александр Бортников да теракт учурунда элди куткарып калгандарды тактоо иштери жүрүп жаткандыгын, алар мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлөрүн айткан.
Бүгүнкү күндө Россиянын көптөгөн ММКлары Исламдан интервью алышып, саналуу сааттарда эле миллиондогон көрүүлөр болууда.














