Португалиялык футболчу Криштиану Роналдунун байлыгы 1,4 миллиард долларга жетти. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги жазды.
Муну менен Роналду футбол тарыхында биринчи болуп миллиардер макамына ээ болгон оюнчу болуп калды.
Маалыматка караганда, бул макам анын Сауд Арабиясынын «Аль-Наср» клубу менен түзгөн ири келишими негизги себеп болгон. Келишимге жогорку айлык маяна, бонус жана эксклюзивдүү укуктар кирет.
Ошондой эле Роналдунун байлыгына ири бренддер менен кызматташуусу олуттуу салым кошкон. Анын кирешесинин бир бөлүгүн мейманкана бизнеси жана CR7 кийим-кече бренди сыяктуу коммерциялык долбоорлор түзөт.
Футболчу быйыл жайында «Аль-Наср» клубу менен келишимин узарткан. Буга чейин ал «Спортинг» (Португалия), «Манчестер Юнайтед» (Англия), «Реал» (Испания) жана «Ювентус» (Италия) клубдарында ойноп, улуттук жана эл аралык мелдештердин көп жолку жеңүүчүсү болгон.
Криштиану Роналду Португалиянын курамасы менен Европа чемпиондугун жана эки ирет Европа футбол ассоциациясынын Улуттар лигасын уткан. Ал — беш жолку «Алтын топтун» ээси.

















