Ирандын өзөктүк программасы боюнча маселе тынчтык жолу менен гана чечилиши керек.
Бул тууралуу Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков брифингде билдирди.
Песков Ирандын өзөктүк программасы боюнча Орусиянын ортомчулугу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө комментарий берди. Ал Москва Тегерандын өзөктүк программасы боюнча көйгөйдү дипломатиялык жол менен чечүү потенциалын көрүп жатканын баса белгиледи.
“Биз бул үчүн потенциал бар деп ишенебиз. Иран биздин союздашыбыз, өнөктөшүбүз, биз менен ар тараптуу, өз ара пайдалуу, өз ара урматтуу мамилелерди өнүктүргөн өлкө болгондуктан, Орусия бул үчүн колунан келгендин баарын кылууга даяр. Бул жөнүндө Кошмо Штаттарына белгилүү”, – деди президенттин басма сөз катчысы.
Песковдун айтымында, Ирандын өзөктүк программасы тууралуу тема Эр-Риядда Москва менен Вашингтондун жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрүндө көтөрүлгөн.
“Бирок, ал майда-чүйдөсүнө чейин козголгон эмес, ошондуктан конкреттүү демилгелер болгон эмес. Бул тема боюнча өзүнчө талкууларды күтөбүз”, – деди Кремлдин өкүлү.
Буга чейин Bloomberg булактарга таянып, Москва Тегеран менен сүйлөшүүлөрдө Вашингтонго жардам берүүгө даяр экенин билдирген.
25-февралда Тегеранда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен ирандык кесиптеши Аббас Аракчинин жолугушуусунда да Ирандын өзөктүк программасы маселеси талкууланган темалардын бири болгон. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Лавров күч колдонуу коркунучун колдонбостон жаңы өзөктүк келишимди түзүү үчүн дипломатиялык куралдар сакталып турганын баса белгилеген. Ал эми ирандык министр Тегеран АКШ менен басым астында сүйлөшүүгө барбай турганын билдирген.
2015-жылы Иран менен АКШ, Франция, Германия, Улуу Британия, Кытай, Россия өзөктүк келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, Тегеран уран байытууну чектеп, буга жооп катары Иранга киргизилген экономикалык санкциялар алына баштаган. Бирок 2018-жылдын май айында Дональд Трамп президент болуп турганда АКШ келишиминен чыгып, Тегеранга каршы санкцияларды калыбына келтирген. Буга жооп катары Иран келишим боюнча милдеттенмелерин этап-этабы менен кыскартканын жарыялаган.
АКШнын мурунку президенти Жо Байден Вашингтонду өзөктүк келишимге кайтарууга даяр экенин бир нече жолу билдирген. 2021-жылдын апрелинен бери Орусия, Улуу Британия, Германия, Кытай, АКШ жана Франция Венада Иран тарап менен өзөктүк келишимди баштапкы түрүндө калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген, ал бир нече раунддан кийин 2022-жылдын ноябрында жыйынтыксыз аяктаган.
Үстүбүздөгү жылдын январында Женевада Иран менен “европалык үчтүк” өлкөлөрүнүн (Улуу Британия, Германия жана Франция) ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасы болуп өткөн. Анда тараптар макулдашууга жетишүү үчүн зарыл болгон эки багытта – санкцияларды алып салуу жана өзөктүк маселе боюнча түрдүү маселелерди талкуулашып, анын жыйынтыгы боюнча консультацияларды улантууну макулдашышкан.

















