Орусиялык дарыгерлер активдүү жайылып жаткан XEC деген аталыштагы коронавирусунун жаңы штаммынын белгилерин аныктап, коңгүроо кагышты.
XEC – бул omicron FLiRT субварианттарынын: KS.1.1 жана KP.3.3 айкалышынан түзүлгөн варианты.
Бул вирустун дагы бир мутациясы. Буга чейин 29 өлкөдө табылган.
Жаңы штамм акыркы маалыматтарга караганда, Европада эң активдүү таралууда.
Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму XEC жөнүндө маалыматты азырынча жарыялай элек. Бирок коронавирустун бул варианты менен ооругандардын бар экени АКШ, Улуу Британия, Словения, Бельгия, Нидерланды, Тайвань, Франция, Израиль, Швеция, Ирландия, Канада, Испания жана Данияда аныкталды. Outbreak.info долбоорунун маалыматтарына ылайык, XEC инфекциясынын учурлары жалпы 29 өлкөдө аныкталган.
Вирустун жаңы вариант омикрон линиясына таандык экенин эске алганда диагностикасы, клиникалык көрүнүшү, жугуштуулугу жана дарылоосу боюнча эч кандай айырмачылыктар жок.
Орусиянын Эл достугу университетинин жугуштуу оорулар кафедрасынын башчысы Сергей Вознесенскийдин «Ведомости» басылмасына билдиргенине караганда, XEC симптомдору коронавирус үчүн “классикалык” болуп саналат.
Бул вирустун белгилери: ысытма, тамак оору, жөтөл, жыттын сезүүнүн жоголушу, мурундун агышы, дене ооруу, калтыратма, чарчоо жана баш оору.
Explain.rf маалымат порталынын маалыматы боюнча, 16-сентябрдан 22-сентябрга чейинки бир жумада Орусияда коронавирус жуктургандардын саны өткөн жумага (36 255 адам) салыштырмалуу 11,4% көбөйгөн. 2353 адам ооруканага жаткырылып, 27 адам каза болгон. Ошол эле учурда, Роспотребнадзордун маалыматы боюнча, омикрондук штамм Орусияда үстөмдүк кылууда, анын ичинде FLiRT варианттары, бул учурлардын дээрлик үчтөн бир бөлүгүн түзөт.
Дүйнөлүк эпидемологдор вирустун бул жаңы вариантын дүйнө жүзү боюнча жайыла берет деген пикирлерин билдиришүүдө.



















