Индияда COVID-19 илдетине чалдыккан активдүү учурлардын саны кескин өстү. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине шилтеме берип, индиялык Business Standard гезити кабарлады.
Акыркы 10 күн ичинде ооругандардын саны 10 эседен ашык көбөйгөн. Эң көп учурлар Керала жана Махараштра штаттарында, ошондой эле Дели борбордук аймагында катталды. Мындан тышкары, Гуджарат, Батыш Бенгалия жана Тамилнад штаттарында да өсүш байкалууда.
Илдетке чалдыккандардын жалпы саны өткөн аптадагы 257 учурдан азыркы учурда 3 395ке жетти.
Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, жаңы катталган учурлардын көпчүлүгү жеңил формада өтүүдө. Бирок ошого карабастан дарыгерлер калкты сак болууга чакырып, төмөнкү коопсуздук чараларын карманууну сунушташты:
-
эл көп чогулган жайларда беткап тагынуу,
-
аралыктын сакталышын камсыз кылуу,
-
кол гигиенасын жана имараттардын тазалыгын көзөмөлдөө.



















