Eurasiatoday
Шейшемби, 17-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Коомдук жайда түкүрүү адатпы же маданиятсыздыкпы?

  • Коом
  • 05.02.2026 11:50

Loading

Кыргызстандын эгемендүүлүктү алганына 34 жыл болсо, тарыхый жактан кыргыз эли байыркы элдердин катарына кирет. Өзүнүн каада-салты, нарк-насили, үрп-адат сыяктуу баалуулуктары менен айырмаланып, маданияты калыптанган эл болуп саналат. Бирок ага карабай, тилекке каршы коомчулук маданий жактан аксап, өзүн алып жүрүүдөгү айрым жүрүм-турумубуз менен бизге келген чет өлкөлүк коноктордун көзүнө өзүбүздүн олдоксон жактарыбыз менен көзгө түшүп калган жагдайларыбыз бар. Мисал катары айта кетчү болсок, айрыкча коомдук жайларда какырынып, түкүрүнүп, кээде агрессивдүү жактарыбыз менен чет өлкөлүктөрдүн көңүлүн бурган учурларыбыз жок эмес.

Эсиңиздерде болсо керек, 2019-жылдын 1-январынан тартып  Кыргызстанда коомдук жайда түкүрүнүп-какырынууга тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Коомдук жайларда түкүрүүгө каршы Кодекс Жогорку Кеңештеги талкууда (VI чакырылыш) депутаттардын демилгеси менен киргизилген. Бирок азыр бул мыйзам иштеп жатабы же жокпу унутта калгандай. Азыркы бийлик жана анын бутактарынын аракети менен Кыргызстандын бардык аймактарынын, анын ичинде Бишкектин ичи таштандылардан арылып, тазаланып калган менен түкүрүк, какырыктан арылбай келебиз.

Эреже бузуу кодексине ылайык, түкүргөн кишиге алгач эскертүү каралган эмес. Жеке тарап 5 500 сом, ал эми юридикалык жактар 17 000 сомдук айып төлөмөр болот.

Тема боюнча

Кырчын этношаарчасы – чек арасыз маданият: Дүйнө элдеринин байыркы мурастары

Кырчын этношаарчасы – чек арасыз маданият: Дүйнө элдеринин байыркы мурастары

05.09.2026

Мурдагы депутат, “Ыйман” фондусунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков баштаган уюм ошол учурда Кыргызстан боюнча акция уюштуруп, жаштарды адеп-ыйманга, тазалыкты сактоого үндөгөн видеороликтерди көрсөтүшкөн. Долбоор жактырылып, мыйзам кабыл алынгандан кийин, алгач бул үчүн жеке адамдарга 5500 сом, юридикалык тараптарга 17000 сом айып пул салуу каралган. Айып пулдун өлчөмү коомчулукта кызуу талкууларды жараткандан кийин, ошол мезгилдеги өкмөт мүчөлөрү түкүрүк үчүн айыптын суммасын азайтууга аракет кылып, натыйжада бул сумма 1000 сомго чейин түшкөн. Бирок коомчулук үчүн бул адат кадыресе эле көрүнүш болуп кала берди. Бирок бул түкүрүк, какырыктар алты миңден ашуун жугуштуу оорунун булагы экени медицинада маалым. Ага карабай, көчөдө, коомдук транспортто жөтөлүп, какырынган адамдар көп кездешкендиктен, мунун коомчулук үчүн зыяндуулугу канчалык экенин сурап, медицина илиминин кандидаты, врач Артыгалы Мураталиевге кайрылганыбызда, ал төмөнкүдөй жооп берди:

 Какырыктан туберкулез таякчасы абага көтөрүлүп, адамдын өпкөсүнө дем алуу аркылуу кирет

– Бизде кургак учук менен ооругандардын саны абдан көп. Анан ошол адамдардын оңго-солго түкүрүнгөнүн кээде көрүп калам. Ар бир жөтөлгөн, какырынган адам сөзсүз атайын түкүргүчкө түкүрүп, санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо менен өзүнө да, коомго дагы коркунуч жаратпашы керек.

Шилекей менен какырыктын курамындагы жугуштуу оорунун таякчалары күчтүү химиялык суюктук менен гана өлтүрүлөт. Кургак учук эмес, өпкөсүнөн кагынып, жөтөлүп жүргөн киши да түбүндө мына ушундай суюктугу бар идишке түкүрүшү керек. Болбосо жерге түшкөн шилекей чаң менен абага көтөрүлүп, соо кишилерге илдетти жуктурат. Анткени түкүрүк, какырыктан туберкулез таякчасы абага көтөрүлүп, адамдын өпкөсүнө дем алуу аркылуу кирет. Ошондуктан кургак учук адамзат үчүн коркунуч жараткан эң олуттуу жугуштуу оорулардын бири бойдон калууда.

Маалымат үчүн айта кетейин, Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдуллаат Кадыровдун 2025-жылдын март айындагы маалыматына караганда, Кыргызстанда кургак учук менен ооругандардын жана андан каза болгондордун саны мурдагыга караганда бир кыйла азайган. Бирок 2024-жылга карата, 3 994 кургак учук катталып, 194 бейтап каза болгон.

Саадаткан Даминова, Кыргызстандын Чехиядагы ардактуу консулу:

Өлкө өнүгүш үчүн мыйзамдуулук сакталышы керек

– Чехияда мыйзам күчтүү иштейт. Ар бир жаран мыйзамга баш ийет. Жаштары жаштайынан баштап мыйзам менен тарбияланганы үчүн коомчулукта агрессия жок, комдук жайларда өзүн алып жүрүү маданияты калыптанган. Мас абалында кимдир-бирөөгө адаттан тыш чабуул жасалбайт. Эгер кандайдыр бир мыйзам бузуулар катталып кала турган болсо, ага айып пулдар каралган. Демонстрацияга чыкканда дагы мыйзам чегинде чыгышат. Эч качан коомдук жайларга зыян келтирип талкалабайт.

Раимжан Курбанов, Республикалык “ Кыргыз тили” коомунун президенти, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер:

Чет мамлекетте иштеп жүргөн жаштардынарасында  нукура кыргыздын маданиятын көрсөтүп жүрүшкөндөрү бар

– Көп өлкөлөрдө, алардын ичинде Россия, Америкада, Улуу Британия сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдө болдум. Жакында Лондон шаарынан келдим. Мен байкагандан өнүккөн өлкөлөр өздөрүнүн баалуулуктары менен мыйзамдарын туу тутушат жана ушунун негизинде өнүгүп өсөт.

Салыштырмалуу кыргыздар байыркы элдердин катарына киргенибиз менен Кыргызстанда адамдардын коомдук жайларда өзүн алып жүрүү маданияты жагынан аксап, өзүбүздүн баалуулуктарыбызды сактабай келебиз. Кала берсе жүрүм-турумда одоно катачылыктар көп. Коомчулукта агрессия байкалат. Мындан тышкары таштандыларды ар жерге таштап, аны менен катар түкүрүнүү, какыруу учурлар бар. Бул өтө копол көрүнүш. Мындай жагымсыз көрүнүштөн арылуу үчүн агартуучулук колго алынышы керек.

Жогоруда белгилеп өткөнүмдөй, көптөгөн өлкөлөргө барып билимдүү, маданиятуу кыргыз жаштары менен баарлашып жүрөм. Алардын карап туруп кыргыз интеллигенциясы калыптанып келе жатканын көрүп, кадимкидей сыймыктанам. Алар чет мамлекетте иштеп жаткандыгына карабай, кыргыз элинин чыныгы нукура маданияты менен өздөрүн көрсөтүп жүрүшөт.

Илим Карыпбеков, журналист:

Японияда бир да таштанды челек көрбөдүм

2025-жылдын август айында белгилүү журналист Илим Карыпбеков Япониянын борбор шаары Токиого болгон саякат сапарында жүрүп, аталган өлкөнүн маданиятына, айрыкча тазалыгына өзгөчө баа берип, аны өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жүктөп, мындай деген;

– Мен Япониянын борборунда болдум. Саякат учурунда гектарлаган жерлерди эки сааттан ашык басканыма карабай, таштанды челек көргөн жокмун. Зарылчылык болсо таштанды челегиңди өзүң менен ала жүрүшүң керек болот. Кала берсе белгилүү Фудзияма тоосунда дагы таштанды таштай турган урна орнотулган эмес. Эгер таштанды болсо, өзүң менен алып жүрөсүң, башкача айтканда сен таштанды булагы болбошуң керек. Какырынып, түкүрүнгөн киши көрбөйсүң. Айтор япондордон йрөнчү нерселерибиз абдан көп. Көчөлөрү таза, байпак менен жүрсөң кирдебейт. Алардын тазалыгына таң каласың. Кала берсе элдер басып жүргөн паркынан эксперемент жасап көрдүк.

Самат Долотбаков, ырчы:

Япония дүйнөдөгү эң таза жана коопсуз өлкөлөрдүн бири

– Япониянын көчөлөрүндө таштанды урналары жок. Эл таштандысын жанында, сумкаларында алып жүрүшөт. Таза жана эң коопсуз өлкөлөрдүн бири. Унаа, велосипеддерин көчөгө ачык калтырып жүрө беришет. Чоң шаарлардын көчөлөрү, кадимкидей айна менен жуулуп турат, ага жараша япониялыктар өздөрүн абдан маданияттуу алып жүрүшөт. Бардык жерлеринде майыптыгы бар адамдарга баардык шарттар түзүлгөн. Алардын көбү бир жумушта өмүр бою иштейт экен.

Даярдаган Турдайым Кожомбердиева

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Коомдук жайМаданияттүкүрүк
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Маданий революция  же унутулуп бараткан кыргыз кийимдери кайра жанданууда

Маданий революция  же унутулуп бараткан кыргыз кийимдери кайра жанданууда

19.10.2026
Кырчын этношаарчасы – чек арасыз маданият: Дүйнө элдеринин байыркы мурастары

Кырчын этношаарчасы – чек арасыз маданият: Дүйнө элдеринин байыркы мурастары

05.09.2026
Он жылдык мораторий Кыргызстандын тарыхый имараттарын жоголуп кетүүдөн сактай алабы?

Он жылдык мораторий Кыргызстандын тарыхый имараттарын жоголуп кетүүдөн сактай алабы?

03.08.2026
Иран Кыргызстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына өзгөчө даярдык көрүүдө

Иран Кыргызстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына өзгөчө даярдык көрүүдө

23.06.2026
Р. Аманова Венгриянын мамлекеттик  ордени менен сыйланды

Р. Аманова Венгриянын мамлекеттик ордени менен сыйланды

21.04.2026
29-апрелде Бишкек шаарынын күнү белгиленет

29-апрелде Бишкек шаарынын күнү белгиленет

21.04.2026
Мен билген Мелибаев

Мен билген Мелибаев

24.03.2026
Өзбекстанда Тажикстандын маданияты жана кино күндөрү өтөт

Өзбекстанда Тажикстандын маданияты жана кино күндөрү өтөт

23.03.2026
С. Жапаров РФнын Президентинин Эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү М. Швыдкойду кабыл алды

С. Жапаров РФнын Президентинин Эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү М. Швыдкойду кабыл алды

25.02.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026
Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

13.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

19.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
214 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.