Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Конституциялык соттун өлүм жазасы боюнча чечимине байланыштуу атайын билдирүү таратты.
Маалыматта белгиленгендей, акыркы учурларда балдарды жана аялдарды оор жагдайларда өлтүрүү учурларынын көбөйүшү бүтүндөй өлкөнү дүрбөлөңгө салды. Аялдарга жана балдарга карата зомбулук кылмыштарынын көбөйүшүнө тынчсызданган мамлекет Башчысы караколдук 17 жаштагы кыздын өлтүрүлүшү боюнча ишти жеке көзөмөлүнө алып, өлкөнүн компетенттүү мамлекеттик органдарына балдарды зордуктоо менен коштолгон адам өлтүрүү үчүн өлүм жазасын киргизүүнү караган мыйзамдык түзөтүүлөр боюнча сунуштарды киргизүүнү тапшырган.
“2025-жылдын 13-октябрынан 28-октябрына чейин “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жана “Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 16-мартындагы № 52 “1989-жылдын 15-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 44/128 резолюциясы менен кабыл алынган, өлүм жазасын жокко чыгарууга багытталган Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын Экинчи Факультативдик протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” Мыйзамы күчүн жоготту деп таануу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору коомдук талкуу жол-жобосунан өттү. Коомдук талкуунун жыйынтыгында көпчүлүк катышуучулар өлүм жазасын киргизүүгө каршы чыкты”, – деп айтылат билдирүүдө.
2025-жылдын 2-декабрында президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун расмий корутунду алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна жөнөткөн.
2025-жылдын 10-декабрында КР Конституциялык соту көз карандысыз орган катары Конституциялык жана эл аралык-укуктук аргументтердин жыйындысынын негизинде, Конституциялык сот өлүм жазасын конституциялык түзөтүү аркылуу калыбына келтирүү Конституцияга ылайык келбейт жана укуктук мааниде мүмкүн эмес деген тыянакка келди. Демек, “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору референдумга чыгарылышы мүмкүн эмес жана бул демилгени ишке ашыруу боюнча бардык жол-жоболор Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Корутундусу күчүнө кирген учурдан тартып токтотулууга тийиш.
Кыргызстан укуктук мамлекет катары Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун чечимин аткарат жана мындан ары да өзүнүн бардык эл аралык милдеттенмелерин ак ниеттүүлүк менен аткара берет. Ошол эле учурда, бул милдеттенмелердин алкагында балдарга жана аялдарга каршы кылмыштар үчүн жазаны күчөтүү боюнча улуттук мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иштер улантылат.



















