Кеминде 50 бегемот жана башка ири жаныбарлар Конгодо сибирь жарасынан улам кырылды.
Daily Mail басылмасы кабарлагандай, жаныбарлардын сөөгү Ишаша дарыясынан, Вирунга улуттук паркынан табылган.
Маалыматка караганда, бул кырсык парк үчүн жаныбарларды жоготуунун эң чоң окуясы болуп калды. Корук аймагында бир нече он жыл бою бегемоттордун санын көбөйтүү боюнча иштер жүрүп келген. Себеби браконьерлик жана согуштар 2006-жылга карата алардын санын 20 миңден бир нече жүзгө чейин кыскарткан.
Азыркы учурда парктын аймагында болжол менен 1200дөй бегемот жашайт.
















