Азим Рой Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылоо, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу менен алектенгендиги Улуттук коопсуздук органдары тарабынан такталып, издөөгө алынганы маалым болду.
Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө жана уюшкан кылмыштуу топторду каржылаган айрым жеке ишкерлерге карата кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу фактылары боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында, улуттук коопсуздук органдары тарабынан Азим Ройго (Мурда Орозахун Сайдазимов, Чүй облусунун Панфилов районунун Чалдовар айылында туулган, учурда Россия Федерациясынын жараны, К. Асанбектин өкүл атасы) Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренеси боюнча сыртынан айып тагылды…
Тергөөнүн жүрүшүндө Азим Рой криминалдык авторитет Көлбаевдин таасиринен пайдаланып, коркутуу жолу менен Бишкекте курулуп жаткан “Арстан Таувер” бизнес борборунун 10 млн АКШ долларын түзгөн 6000 чарчы метр үлүшүн мыйзамсыз ээлеп алган.
Муну менен катар Азим Рой менен Көлбаевдин жалпы каржы иштерин биргелешип башкаруунун башка фактылары да аныкталган. Тактап айтканда, Азим Рой Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү жерлеринин биринде жайгашкан, аянты 500 чарчы метр, болжол менен 1 миллион АКШ долларын түзгөн кымбат батирди сатып алып, Азим Ройдун жубайы Н.З.Х. атына каттаган. Ошол эле учурда бул батирде Көлбаев жашап келген…
Ошондой эле А. Ройдун дагы Бишкектин четиндеги элиталык шаарчалардын биринде Көлбаевдин үйүнүн жанында жайгашкан жалпы аянты 1000 чарчы метр, 2 миллион долларлык дача үйгө ээлик кылган. Андан тышкары, Чолпон-Ата шаарында жайгашкан “Каганат” эс алуу борборунда 500 миң долларлык коттедж да А. Ройго таандык болгон.



















