Кылымдар бою интеллигенция өзүнүн көрөгөч жана кесипкөй билиминин аркасында ондогон жылдар алдыга көз чаптырып, доорлор алмашканда коомдук түзүлүштү калыптандырган маяк жана кыймылдаткыч күч болгон. Интеллигенция ар дайым социумдун өзгөрүү темпин илимий жана технологиялык прогресстин катализатору жана акселератору катары белгилеп келген. Интеллигенция, “Сириус” жылдызы сымал, илгертен бери жана азыркы учурда бардык жерде өнүгүүнүн квинтэссенциясы болуп саналат. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров КМШга катышкан мамлекеттердин чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын форумунун жүрүшүндө билдирди.
“Маданият жана коммуникация бирдей түшүнүктөр. Ушуга таянып, мен каймана мааниде маданиятты айсберг түрүндө элестетем, анын башатында маданий баалуулуктар жана нормалар жатат, ал эми чокусу – аларга негизделген жана баарынан мурда коммуникацияда билинген адамдын жүрүм-туруму”, – деп белгиледи МинКаб башчысы.
Ал “миң жылдан ашуун убакыттан бери ооздон оозго өтүп келген, маданиятты калыптандырган эң байыркы “Манас” эпосу көчмөн элдер үчүн гана эмес, адилеттикке, коомдук ынтымакка, жаратылышка аяр мамиле жасоого умтулган бардык маданияттар үчүн да ой-пикир ДНКсы болуп саналат” деп кошумчалады.
Мындан тышкары Министрлер Кабинетинин Башчысы бүгүн Бишкекте өтүп жаткан КМШнын Маалымат Кеңешинин өзгөчө ролуна токтолуп, “журналисттер жарандык коомдун авангарды болуп, өз жигердүү позициясы менен мамлекетте тынчтыкты жана ынтымакты бекемдөөгө чоң салым кошуп жатканын” белгиледи.
“КМШ – бул бир чоң үй-бүлө. Азыр шериктештикти чыңдоо жана өнүктүрүү маанилүү жана зарыл, биздин элдерге туруктуу жана тынч келечек, эртеңки күнгө болгон ишеним керек. Кыргызстан КМШга төрагалык кылган өлкө катары бул жылы ар түрдүү тармактарда өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө багытталган ар кандай иш-чараларды уюштуруп жатат.
Форумдун алкагында айтылган сиздердин сунуштарыңыз жана демилгелериңиз интеграциялык процесстерди бекемдөөгө, элдерибиздин ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө кызмат кылат деп ишенем”, – деп Акылбек Жапаров сөзүн жыйынтыктады.