17-майда Өзбекстанда катуу чаңдуу бороондон улам Ташкенттин жана Ташкент облусунун 19 миңге жакын тургундары убактылуу электр жарыгысыз калышты. Бул социалдык тармактарда кеңири талкуу жаратты.
Бул кырдаалдан улам Өзбекстандын Энергетика министрлиги коопсуздукту камсыздоо максатында Ташкент жана аймактык электр тармактарынын айрым элементтерин өчүрүп, натыйжада Ташкент шаарында 8,5 миң керектөөчү жана Ташкент облусунда дагы 10,3 миң керектөөчү убактылуу электр тармактарынан өчүрүлгөндүгүн маалымдады.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, катуу шамалдан улам бир нече бак кулаган, бирок жабыркагандар тууралуу маалымат жок.
Ал эми Өзбекстандын Курчап турган чөйрөнү жана жаратылышты коргоо технологиялары илим изилдөө институтунун докторанты Батыр Халмуратов чаң бороонуна бир нече факторлор себеп болгонун түшүндүрдү.
«Негизги себеп – түндүктүн муздак аба агымы менен түштүктөн келген жылуу аба массасынын кагылышы. Мындай басымдын адаттан тыш жогорулашы жана шамалдын ылдамдыгынын кескин өсүшү, кээ бир райондордо 20 м/секунддан ашкан»,- деди ал.
Анын айтымында, бул аба массаларынын ортосундагы кескин температура кургак топурактан жана ачык жерлерден чаң бөлүкчөлөрүн көтөрүп, абага тараткан катуу шамалды пайда кылды.
Натыйжада шаардын ар кайсы аймактарында көрүү начарлап, дем алуу кыйындай баштаган.
Бирок бул убакта өлкөнүн Нукус шаарында аба ырайы салыштырмалуу туруктуу болгон. Муну адистер шамалдын ылдамдыгынын жетишсиздиги, топурактын нымдуулугу же чаңга бай эмес жерлерде шамалдын кыймылы менен түшүндүрүшүүдө.
Мындай кырдаалда Саламаттыкты сактоо министрлиги жарандарды мүмкүн болушунча көчөгө чыкпоого чакырып, Ташкент шаардык санитардык-эпидемиологиялык комитети шаар тургундарын мүмкүн болсо сыртка чыкпоону жана сыртка чыкканда медициналык же респиратордук беткап тагынууну суранды. Үйдө нымдаткычтарды колдонуу же бөлмөгө нымдуу сүлгү илип коюу, ошондой эле сууну көбүрөөк ичүү сунушталды.
Бул кырдаалды Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасынын депутаты Бахтиер Пулатов дагы көтөрүп, калкка ачык абада көпкө жүрбөөнү, беткап кийүүнү, балдар менен кары-картаңдарга өзгөчө кам көрүүнү сунуштады.
Эске сала кетсек, 18-майга караган түнү Бишкекте да катуу шамал жүрүп, бир нече бактар кулап, Ала-Тоо аянтындагы желек айрылып, бирок жарым сааттын ичинде жаңысына алмаштырылды.
Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, 23 бак кулап, анын кесепетинен машиналар, турак жайлардын чатырлары жабыркаган.



















