Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жакынкы күндөрү Россияга расмий сапар менен келерин Кремлдин маалымат кызматы билдирди.
“Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча Корея Элдик Демократиялык Республикасынын Мамлекеттик иштер боюнча төрагасы Ким Чен Ын жакынкы күндөрү Россия Федерациясына расмий сапар менен келет», — деп айтылат билдирүүдө.
Ким Чен Ындын сапарынын алкагында эки өлкөнүн делегацияларынын сүйлөшүүлөрү, ошондой эле Владимир Путин менен жекеме-жеке жолугушуу күтүлүп жатканын Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков РИА Новостиге билдирген.
Буга чейин батыш маалымат каражаттары Түндүк Корея лидеринин ыктымал сапары тууралуу жазып чыгышкан, мүмкүн болгон дата катары 13-сентябрь айтылган.
Эске салсак, Түндүк Кореянын лидери Владивостокко 2019-жылдын апрель айында брондолгон поезд менен келген. Бул сапар анын 2011-жылы кызматка киришкенден берки Россияга жасаган биринчи сапары болгон.