Түндүк Корея Түштүк Корея менен согушууга умтулбайт, бирок биригүү идеясын актуалдуу деп эсептебейт, деди Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын.
«Чынын айтсам, биздин Түштүк Кореяга кол салуу ниетибиз жок. Биз алар жөнүндө ойлонгубуз да келбейт, алар менен жолугушууну каалабайбыз. Мурда “түштүктү бошотуу” жөнүндө, жадакалса куралдуу биригүү жөнүндө сөз кылсак, азыр буга такыр кызыкпайбыз, эки мамлекетти тааныгандан бери аларга азыраак көңүл буруп келе жатабыз. Бирок, маселе алар бизди чагымчылдык кылууну улантууда», – деди КЭДР лидери 7-октябрда Ким Чен Ын атындагы Улуттук коргонуу университетине барганда.
Ал өлкө аймактагы күчтөрдүн стратегиялык тең салмактуулугун сактоо үчүн өзөктүк коргонуу даярдыгын максималдуу түрдө күчөтөрүн баса белгиледи.



















