Россиялыктарды дүкөндөрдөн табигый балдын жоголуу коркунучу тууралуу эскертишти.
2026-жылдан тартып дүкөндөрдө табигый бал сатылбай калышы мүмкүн — анын ордун т.а. «бал азыгы» ээлейт. Бул тууралуу «Парламенттик гезитке» Россиянын Аарычылар союзуунун төрагасы Валерий Михеев билдирди. Анын айтымында, сертификацияга кеткен чыгымдардын кескин өсүшү жана талаптардын катууланышына байланыштуу аарычыларга балды кайра иштетүүчүлөргө өткөрүп берүү пайдасыз болуп калды — эми алар запастарын өздөрүндө сактап калууну туура көрүшүүдө.
«Кооператив төрагасы катары мен башка аарычылардын балын 50%га чейин сатууга укугум бар. Быйыл ассортимент үчүн бал алып келейин дегем. Алыскы Чыгыштан тартып Калининградга чейин аарычыларга чалдым, бирок бардык документтери менен бал сатууга макул болгон адамдарды кол манжалары менен саноого болот», — деди Михеев.
Анын айтымында, «бал азыгы» дүкөндөрдү басып кире баштады. Маселен, Роскачество 20 соода маркасынын кутуланган балын текшерип, болгону 13үнүн гана продукциясы табигый экени аныкталган. Жети үлгүдөн сироп табылган, ал эми тогузунда таңгагында туура эмес сорт көрсөтүлгөн («гүлдүү» деп жазылып, чындыгында күнкарама же кара буудай чыккан). Ошондой эле айрым партияларда ашыкча ысытуу белгилери жана балдын табигыйлыгын, жетилгендигин жана дарылык баалуулугун аныктоочу диастаздык көрсөткүчтүн бузулушу аныкталган. Михеев муну кайра иштетүүчүлөрдүн жасалмалуулук аракеттери менен байланыштырып: «Бал канчалык пасекадан алыста болсо, аны менен бир нерсе кылуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору» деди.
Ошого байланыштуу Михеев жаңы жылдан кийин чыныгы бал «өздөрү үчүн» гана товар болуп калып, массалык рынокту алмаштыргыч кошулган азыктар ээлеши мүмкүн деп эскертти. «Биз аны дүкөн текчелерине жеткирүүгө даярбыз, бирок азыр бул зыяндуу болуп калды. Албетте, өз алдынча аары багууну улантабыз. Бирок ашыкча балды өткөрүп бербейбиз», — деп белгиледи ал. Ошондой эле ал кошумчалагандай, табигый бал ондогон жылдар бою өзүнүн пайдалуу сапаттарын жоготпой сакталат, ошондуктан аны жөн гана кампаларда «жакшы убакыт келгенче» кармашат.

















