Орусиядагы пропагандалык маалымат каражаттарында, казак бийлиги орус тилин бардык жактан кысып, анын ичинде билим берүү тармагында да кыскартып жатышканын айткан материалдар көп чыга баштады.
Ал эми Казакстандын Билим берүү министрлиги, балдарын казак тилдүү класстарда окутууну каалаган ата-энелердин саны жыл сайын өсүп баратканын белгилейт. Ошентип, бул өлкөдө орус тилдүү мектептердин «аймагы» кыскарып баратканы – түз айтпаса да белгилүү болуп жаткандай. Бирок чыныгы абал кандай?
Тескери тенденция
Казакстан эгемендүүлүк алган биринчи чейрек кылымда славян жана немец калкынын массалык эмиграциясынын толкуну азая баштагандан кийин да, казак тилинде билим алган окуучуларынын саны салыштырмалуу тынымсыз өсүп барат.
Натыйжада бул сандар: 1991-2016-жылдар аралыгында – 32,4 пайыздан 65,9 пайызга чейин, же эки эседен көп өсүш алган. Ал эми орус тилинде окуган окуучулардын саны болжол менен – 63,1 пайыздан 30,5 пайызга чейин кыскарган.
Казакстанды өзбек, уйгур, тажик класстары болгон менен аларда дайыма бала аз. Бул – өлкөдөгү мектеп окуучуларынын жалпы санынын 3 пайызга жакынын түзөт.
Бул динамика улана бергидей, анткени 2016-жылдан кийин Казакстандын калкынын жалпы курамы бир жагынан казактардын демографиялык жактан тез өнүгүүсү болсо, экинчи жагынан славяндардын үлүшу азайган. Башкача айтканда, Улуттук статистика бюросунун маалыматы боюнча, 2016-2023-жылдары титулдук этникалык топтун үлүшү 4,3кө көбөйсө, славян элдери тескерисинче 5,1 пайызга чейин кыскарган.
Бирок, бул маалыматтар чындыкка дал келбегендей. Анткени жакында Казакстандын Билим берүү министрлигине караштуу А.Байтурсынов атындагы «Талдау» билим берүүнү изилдөө жана баалоо улуттук борборунун сайты даярдаган «Казакстандын билим берүү статистикасы» жыйнагынын 2023-жылга карата электрондук версиясы жарыяланды. Анда төмөндөгүдөй маалыматтар берилген: “өткөн жылы биздин республикада орус класстарындагы окуучулардын саны 30,8 пайызды түзгөн, башкача айтканда, акыркы жети жылда бул көрсөткүч азайбай, бир аз көбөйгөнү көрүнүп турат”,-деп айтылат.
Жылына бир жолу жарык көргөн бул жыйнактын мурунку басылыштарын салыштырып, изилдеп келгенде, жогорудагы көрсөтүлгөн тенденция “2017-жылдан бери уланып келет”,-деген тыянак чыгарууга болот. Анан калса, бул нерсе мындан ары күчөйт деп да божосо болот. Анткени, министрлик балдарын мамлекеттик тилдеги мектептерге берүүнү каалаган ата-энелердин саны жыл сайын өсүп барат дегени менен, башка аналитикалык маалыматтар мунун тескерисин көрсөтүп турат.
2022-жылдын август айында ЖМКлар ошол кездеги Билим берүү жана илим министрлигине шилтеме берип, мектеп босогосун алгачкы жолу аттаган 400 миңден ашуун баланын 70 пайызы казак тилинде билим аларын жазып чыгышкан. Эми ошол эле “Талдау” борбору тарабынан жакында жарыяланган “Казакстан Республикасындагы билим берүүнүн абалы жана өнүгүүсү жөнүндө (2022-жылдын жыйынтыгы боюнча) Улуттук баяндамасына” көз чаптыралы.
Анда мындай айтылат: ошол жылы Казакстанда биринчи класска 404,1 миң бала барса, анын 265,6 миңи, же 65,7 пайызы казак класстарына, ал эми 128,3 миңи же 31,7 пайызы орус тилдүү класстарга, калган 10,2 миң бала өзбек, уйгур, тажик тилдүү мектептерге барганы көрсөтүлөт.
Эмнеге мындай?
Акыркы жети жылдын ичинде орус класстарындагы окуучулардын саны 871,4 миңден 1082,5 миңге чейин өстү. Бул 211,1 миңге өсүштү бул өлкөдө жашаган түрдүү этностор камсыз кылса, эң чоң салымды – 167,1 миңди титулдук этнос, б.а. казактар өздөрү кошкон. Салыштырыңыз: 2016-жылы “улуу жана күчтүү” мектепте 273,3 миң казак баласы мектеп билимин алган болсо, былтыр 440,4 миң бала билим алган.
Эгерде бул каралып жаткан мезгилдеги маалыматтарды дагы да тереңирээк талдай турган болсок, анда мамлекетти түзүүчү этностун өкүлдөрү илимдин гранитин өз эне тилинде “кемириш керек” деп эсептегендердин (андайлар өтө көп) көңүлүн таптакыр түшүрө турган тенденцияны аныктай алабыз. Анткени бул жылдар аралыгында орус класстарында окуган казак балдардын үлүшү тынымсыз өсүүдө: 2016-жылы 12,93 пайызды түзсө, 2023-жылы 16,13 пайызга жеткен.
Жалпысынан жети жылдын ичинде 3,2 пайызга өсүш берген. Демек, «Ана тiлi» боюнча мектеп программасын өздөштүргөн титулдук этникалык топтун жаш муунунун үлүшү 87,02 пайыздан 83,83 пайызга чейин кыскарган (бул балдардын миңге жакыны уйгур жана өзбек мектептеринде окушат).
Анын үстүнө бул тенденция постсоветтик өлкөлөрдөгү түрк тилдүү бардык мамлекеттерге таандык. Маселен, Азербайжанда орус класстарындагы билим алган окуучулардын саны мындан он жыл мурда өсө баштаган жана андан бери 6,4 пайыздан 9,3 пайызга чейин көтөрүлдү. Бирок ал жакта славян калкынын салыштырма саны 1,6 пайызга чейин кыскарганын эске салып коюшубуз керек. Ал эми Өзбекстанда ушул эле мезгилде бул көрсөткүч 8,9 пайыздан 10,2 пайызга өскөн.
Кыргызстанда болсо – славяндар өлкө калкынын 5,1 пайызын гана түзгөнүнө карабастан, бул көрсөткүч 27 пайызга жетти, башкача айтканда, дээрлик советтик доордун деңгээлине кайтып барды. Анын үстүнө үч жыл мурун КР Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова атайын сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча билдиргендей, өлкөдөгү ата-энелердин дээрлик жарымы балдарын орус тилдүү мектептерге берүүнү каалашат. Бирок аларды мындай мектептердин жетишсиздиги гана кармап турат.
Кыскасы, түрк тилдүү өлкөлөрдө орус тилдүү мектептерге суроо-талап күч алууда.
Бирок Казакстанда башка фактор роль ойногон болушу мүмкүн. Бул – балдарын орус класстарга берген ата-энелердин каалоолорун басаңдатып, казак тилинин үлүшүн көбөйтүү үчүн латын графикасына өткөрүү боюнча олуттуу сөз болуп, 2017-жылы Казакстандын биринчи президенти 2025-жылга чейин латын алфавитин, анын ичинде билим берүү системасына киргизүүнүн конкреттүү мөөнөттөрү тууралуу тиешелүү жарлыкка кол койгондон кийин башталган. Ошол убакта мындай кадам болсо, балдардын айрымдары орус класстарга кетип калышы мүмкүндүгү тууралуу айтылганы менен буга көңүл бурулган эмес.
Бирок баары бир негизги себеп мектеп предметтерин окутуунун деңгээлинде болуп жаткандай (мында салыштырмалуу жогору деп бааланган “Назарбаев интеллектуалдык мектеби” менен “Бiлiм-Инновация лицейлери” эсепке алынбайт, анткени булар өлкө окуучуларынын эки гана пайызын камтыйт).
Ооба, Казакстандагы орус тилдүү билим берүүнүн сапаты да көптөгөн нааразычылыктарды жаратып келген, бирок анткен менен казак тилиндеги билим берүүгө караганда жакшыраак. Муну билим сапатын анализдеп дайыма анализдеп келген PIRLS, PISA жана башка эл аралык көз карандысыз уюмдардын изилдөөлөрү тастыктап турат.
Мындан тышкары, орус тилинде окуган балдардын өнүгүүсү, таанып-билүүсү, көркөм жана башка мазмундагы тандоолору чектелген казак класстарындагы курбуларына караганда (мектеп программасынын алкагында алган билимдеринен сырткары), өз алдынча кошумча билим алуу жана көз карашын кеңейтүү үчүн абдан маанилүү мүмкүнчүлүктөр бар.
Ал эми сөз болуп жаткан бул тенденция мамлекеттин өзөгүн түзгөн этникалык топтун ичинде кайсы тил жашоосунда негизги тил болуп калаарына караганда, балдарына сапаттуу билим берүү маанилүүрөөк (Казакстандын шартында бул канчалык мүмкүн болсо) деген адамдардын үлүшү өсүүдө.
Булак: spik.kz



















