2025-жылдын 3-август күнү БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Казакстанга келди. Аны менен өлкөнүн мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев жолугушту.
Бул тууралуу Аkorda.kz басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда Токаев жогорку даражалуу коноктун келиши өлкө үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин жана БУУнун туруктуу өнүгүү күн тартибине берилгендигин айгинелеп турганын белгиледи.
Казакстандын лидеринин айтымында, Борбор Азиядагы биринчи Туруктуу өнүгүү максаттары борборунун ачылышы бүткүл аймак үчүн маанилүү жетишкендик.
“Жеке өзүмдүн атымдан жана Казакстан элинин атынан сизге жана сиздин командаңызга бул демилгени мындан ары да колдоп жатканыңыз үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем.
Ошондой эле UN80 демилгесин жогору баалайм. Казакстан БУУну реформалоо боюнча сиздин аракеттериңизди толугу менен колдойт жана сиздин артыкчылыктарыңызды бөлүшөт.
Ушуга байланыштуу Казакстандын Бириккен Улуттар Уюмунун ишмердүүлүгүнүн негизин түзгөн көп тараптуулуктун, дипломатиянын жана кызматташтыктын фундаменталдык принциптерине чексиз берилгендигин дагы бир жолу ырастайм”,- деди президент.
Ал эми Антониу Гутерриш жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Казакстандын эл аралык кызматташтыкты чыңдоого жана туруктуу өнүгүү максаттарын алдыга жылдырууга кошкон салымын белгиледи.
Ал эми Антониу Гутерриш Казакстандын эл аралык кызматташтыкты чыңдоого жана туруктуу өнүгүү максаттарын алдыга жылдырууга кошкон салымын белгиледи.
Жолугушуунун катышуучулары БУУнун Борбордук Азия жана Ооганстанды туруктуу өнүктүрүүнүн Регионалдык борборунун ишмердүүлүгүнүн келечегин, Бириккен Улуттар Уюмун реформалоо маселелерин, эл аралык жана аймактык күн тартибин жана башка актуалдуу темаларды талкуулашты.
Касым-Жомарт Токаев менен Антониу Гутерриш Казакстан өкмөтү менен БУУнун ортосундагы Борбор Азия жана Ооганстанды туруктуу өнүктүрүү максаттары боюнча БУУнун Регионалдык борборун түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюу аземине катышты.


















