Калктын өсүшү эң жогорку деңгээлде борбор шаар Астанада байкалды.
Казакстандын калкынын жалпы саны 1-майга карата 20 353 265 адамды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика бюросу кабарлады.
Маалыматка ылайык, жыл башынан бери калктын жалпы өсүшү 69,8 миң адамды түздү. Анын ичинен табигый өсүш эсебинен — 63,4 миң, ал эми миграция эсебинен — 6,3 миң адамга көбөйгөн.
«Калктын өсүшү эң жогорку деңгээлде Астана шаарында байкалды. Шаардын калкы негизинен миграциянын эсебинен көбөйүүдө. Жыл башынан бери борбордогу калктын саны 29,7 миң адамга өстү, анын 78,3% — миграциянын эсебинен», — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле, жыл башынан бери миграциялык оң сальдо байкалган 5 аймак белгиленди. Алар: Алматы жана Маңгыстау облустары, ошондой эле республикалык макамга ээ болгон Астана, Алматы жана Шымкент шаарлары.



















