Казакстандык аял баатыр бала төрөдү. Бул тууралуу «24KZ» телеканалы маалымдады.
Дарыгерлердин айтымында, баатыр уулдун бактылуу энеси Кызылорда облусунун Кармакшы районунун тургуну болгон. Аялдын тун уулу 6,5 килограмм салмакта төрөлгөн.
Дарыгерлер билдиргендей, УЗИ учурунда эле түйүлдүктүн ири болору байкалгандыктан, төрөт кесарево жолу менен жүргүзүлгөн. Андан кийин ымыркайдын абалын облус ооруканасынын перинаталдык бөлүмүнүн адистери көзөмөлгө алышкан. Азыр эненин да, наристенин да саламаттыгына эч кандай коркунуч жок.
Буга чейин Улан-Удэ шаарында дарыгерлер дээрлик жети килограмм салмактагы кыз баланын төрөлгөнүн кабарлашкан.



















