Казакстанда быйылкы жылы жаңы автомашиналарга болгон баа арзандайт. Мындай божомолду автоэксперттер жасашты. Алардын айтуусунда, өткөн жылы атамекендик авторынок рекорддук санда өскөн, ошондуктан азыр бул чөйрөдө чоң атаандаштык болуп жаткандыгын Tengrinews.kz Almaty.tv.га шилтеме жасап билдирди.
2023-жылы атамекендик автомашина рыногунда акыркы он жылдыктагы максималдуу өсүш менен айырмаланды. Алдын ала маалымат боюнча, жыл жыйынтыгында сатылган жаңы жеңил автомашиналардын саны 190 миңге жеткен. Бул республикага көптөгөн чет элдик бренддер ташылып келгендиги менен да байланыштуу. Анткен менен эксперттер аларды сатып алуудан мурда өтө сак жана кылдат болуу керек.
“Мисалы, биз Тойотa Camry маркасын алсак, анда бул автомашиналар беш жылга чейин жаңыланбайт. Ал эми кытайлык машиналар 2-3 айда алмашып турат. Ошондуктан аларга ар кайсы жылдары жасалган тетиктер дал келбей калышы мүмкүн. Ушундай өзгөчөлүктөр бар. Ошондуктан мен бул чет эл машиналарын өтө дыкаттык менен изилдешибиз керек деп эсептеймин”, – деп белгиледи каржылык баяндамачы Ербол Азанбек.
Өткөн жылы сатылган баардык машиналардын 70 пайызын атамекендик өндүрүштөгү автомашиналар түзөт. Бир эле 2023-жылы казакстандык заводдор дээрлик 150 миң транспорт каражатын жасашкан.
Улуттук статистика бюросунун маалыматы боюнча, жыл сайын Казакстанда орточо 160 миң даана автомашина каттоого коюлат. Ошол эле учурда өткөн жылдын ноябрь айына карата Казакстанда катталган транспорт каражаттарынын саны беш миңден ашкан.
Өлкөнүн автосалондорунда бүгүн транспорт каражаттарынын дээрлик бардык маркалары бар. Автодилерлердин арасындагы атаандаштык жетишерлик жогору. Дал ушул себептен эксперттер жакынкы мезгилде автомашиналарга болгон баа арзандай тургандыгын болжолдошууда.



















